Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААКда акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу болуп өттү

5 теке 2024

«Керемет Банк» Ачык акционердик коомунда 2024-жылдын 02-июлунда акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу болуп өтүп, кворум 98,35%ды түздү. Аталган чогулушта акционерлер төмөнкү чечимдерди кабыл алышты:

1. «Керемет Банк» ААК акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун төмөнкү 3 адамдан турган эсептөө комиссиясынын курамы бекитилсин:

  • Кузин Андрей Александрович -«Реестродержатель» ЖЧК өкүлү;
  • Самарбекова Айпери Азизбековна – «Керемет Банк» ААКнын Банк башкармалыгынын катчысы;
  • Чынтемиров Мирлан Джолоевич – «Керемет Банк» ААКнын корпоративдик катчысы.

2. Уставга өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин, «Керемет Банк» ААК Уставынын жаңы редакциясы бекитилсин жана «Керемет Банк» ААК мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.

3. «Крестон Бишкек» аудитордук компаниясы 2024-жылга карата каржылык отчёттуулукка аудит өткөрүү үчүн «Керемет Банк» ААКга тышкы аудитор катары бекитилсин.

4. 2024-жылга карата каржылык отчёттуулукка аудит өткөрүүсү үчүн тышкы аудитордун сыйлык наркы бекитилсин.

5. «Керемет Банк» ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун::

  • Абдыкадыров Калыбек Джусукеевич.
  • Абдрашев Нургазы Акунжанович.
  • Джумаканов Рысбек Чанаевич.
  • Сарбагишев Нурлан Бердибекович.
  • Солтонкулов Касен Арипович.

6.  «Керемет Банк» ААКнын Директорлор кеңешинин төмөнкү курамы 4 жылдык мөөнөткө шайланды:

  • Арзыматов Сыргак Жумадилович.
  • Атанова Гульсаара Тургумбаевна.
  • Дружинина Наталья Михайловна.
  • Эрмакбаева Клара Эргашевна.
  • Оней Чагатай Джан.

Кошмумча суроолор боюнча «Керемет Банк» ААКнын күнү-түнү иштөөчү Контакт-борборуна чалып жооп алууга болот. Телефондору: 0 (312) 55 44 44, 0 (703) 55 44 44, 0 (997) 55 44 44, 0 (227) 55 44 44  же WhatsApp номуру боюнча: 0 (557) 55 44 44.

 


close