Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААКда берилүүчү ипотеканын башкы артыкчылыктары

25 теке 2024

«Керемет Банк» ААКда берилүүчү ипотеканын башкы артыкчылыктары

Бул тууралуу бизге «Керемет Банк» ААКнын Насыялоо башкармалыгынын регионалдык менеджери Роза Асанова кененирээк айтып берет

Роза Жумабаевна, Кутман күнүңүз менен! Биз учурда «Керемет Банк» ААК 15 жылдык мөөнөт менен «Кыялыңдагы үй» ипотекалык кредити боюнча өзгөчө шарттарды сунуштап жаткандыгын билебиз.

«Кыялыңдагы үй» ипотекасынын башкы артыкчылыктарына кайрыла кетсеңиз.

Узак мөөнөткө берилүүчү ипотеканын башкы артыкчылыгы – бул төлөмдөрдүн ай сайын азайып турушу. Анын мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу, албетте биздин кардарлардын каалоо-тилегинин негизинде ишке ашты десек жаңылышпайбыз. Ипотеканын мөөнөтү канчалык узак болсо, анын ай сайын жүргүзүлүүчү төлөмдөрү төмөн болот да, кардарлардын эмгек акысынын киреше бөлүгүнө өзгөчө деле оорчулук жаралбайт. Себеби, орто мөөнөткө эсептелген  ай сайын жүргүзүлүүчү төлөмдөрдөн үнөмдөп калуу кардар үчүн пайдалуу. Айталы, көпчүлүк кардарлар кредитти 10-15 жылга тариздешкени менен, учуруна жеткирбей эле төлөп, эрте кутулган учурлар аз эмес.

Кандай кылуу абзел: өтө чоң эмес белгилүү бир сумма менен мөөнөтүнөн мурда жабуу жакшыбы же акча топтоо жакшыбы?

Мисалы, өтө көп эмес өлчөмдөгү сумма менен үзбөй төлөп туруу өңдүү вариантты караштырып көрүүгө болот.

Көпчүлүк адамдар үчүн, мейли каржылык же психологиялык жактан алганда деле бул өтө ыңгайлуу вариант. Себеби, мындай шартта жыйынтык дароо байкалат – же төлөм суммасы, же ипотеканын мөөнөтү кыскарат. Депозитке акча салып, салым иретинде акча топтоп, андан соң айлык акы пайыздарын эске алуу менен чоң сумма салууга болот. Эгерде  ипотека боюнча ченге салыштырмалуу салым боюнча чен жогору болсо бул өңдүү мөөнөтүнөн мурда жабуу пайдалуу болмокчу. Мисалы, «Керемет Банкка» азыр, тагыраак айтканда үстүбүздөгү жылдын 31-июлуна чейин жылдык пайызы 15,5% өлчөмүндө аманат салууга болот

Биз   үй – бул жумуштан чаарчап келген соң үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге отуруп, ар кыл жагымдуу темада баарлашып эс ала турчу өтө зарыл жана маанилүү нерсе экендигин жакшы түшүнөбүз. Андыктан, биз ар бир ийгиликтүү сатып алуулары үчүн кардарларыбыз менен бирге кубанабыз.

«Керемет Банк» кредиттин дагы кайсы түрүн берет жана алардын кайсынысы кардарлар арасында чоң суроо-талапка ээ?

«Керемет Банкта» кредиттердин кеңири тизмесин табууга болот. Ал эми алардын ичинен «Жашоонун ар кандай учурларына» керектөө кредити өзгөчө суроо-талапка ээ. Белгилей кетчү нерсе, бул насыяны көбүнчө саякатка чыгуу,  окуу үчүн жакын туугандарга ноутбук же телефон сыяктуу буюмдарды белек кылуу. Алар тууралуу биздин сайттан кененирээк өкуй аласыз: https://keremetbank.kg/ru/retail/loan/na-vse-sluchai-zhizni   

Бизнес үчүн дагы кредиттер барбы?

Албетте, бар. Ишкерликти өнүктүрүү үчүн «Керемет Банк» ААК өз кардарларына «Иштиктүү өсүш» кредитин сунуштайт. Кредиттин максаты – бул жүгүртмө жана негизги каражаттарды толуктоо, ошондой эле капиталдык чыгымдарды каржылоо.

Эгерде белгилүү бир өлчөмдө карыз алуу үчүн күрөөлүк камсыздоо жетишпей жатса, бизнес-кредиттин суммасынан 50%га чейинки өлчөмүнө кепилдик берүү менен «Керемет Банктын» жана «Кепилдик Фондунун» биргелешкен сунушунан пайдаланыңыз. Кредиттердин түрү менен биздин сайтка кирип таанышсаңыз болот жана социалдык тармактардагы биздин баракчабызга дагы көз салып туруңуз. Ошондой эле биздин «Контакт борбордогу» кызматкерлерибиз дагы сизди кызыктырган бардык суроолорго жооп беришет.

Ал үчүн төмөнкү телефондор аркылуу «Керемет Банк» ААКнын күнү-түнү кызмат көрсөтүүчү  Контакт-борборуна чалууңуздарды суранабыз: 0 (312) 55 44 44, 0 (703) 55 44 44, 0 (997) 55 44 44, 0 (227) 55 44 44 же WhatsApp: 0 (557) 55 44 44.


close