Жаңылыктар

КБК деген эмне? « Керемет Банк» ААКнын Операциялык башкармалыктын аймактык менеджери Мырзабекова Азима менен маек.

28 баш оона 2024

1.      Азима Мырзабековна, «КБК» (контракттарды Банктык коштоо) «Керемет Банк» ААКда кандай иштээрин жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү кайсы контракттарга банктык коштоо көрсөтүлөрүн айтып бере аласызбы?

Контрактты Банктык коштоо - бул сатып алуучу уюм менен аткаруучунун ортосунда төмөнкү максаттарда түзүлгөн контрактты коштоочу банктык кызмат.

  • Мамлекеттик бюджеттин каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;
  • Сатып алуучу уюмдардын финансылык жана салыктык тобокелдиктерин минималдаштыруу;
  • Мамлекеттик сатып алуулар боюнча контрактарды аткарууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу.

Банктык коштоо келишиминин негизинде, Банк каражаттардын максаттуу чыгымдалышын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнчө банк эсебинде контрактарды аткаруунун алкагында камсыздоочу жана контракты аткарууга катышкан бардык башка катышуучулар тарабынан жүзөгө ашырылган төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү көзөмөлдөйт;

Контрактты банктык коштоо натыйжаларын интерактивдүү отчеттуулук порталы аркылуу сатып алуучу уюмунун назарына логин жана паролду берүү менен жеткирет, мында кардар түзүлгөн келишимге жана сметага ылайык реалдуу убакыт режиминде бардык чыгымдарды карап тура алат.

2.      "Керемет Банк" ААКда КБКда иштөөдө кардарлар үчүн эмнеси маанилүү экенин айтып бериңизчи (эмне үчүн алар "Керемет Банкка кайрылышат, жумуштун натыйжалуулугубу же башка себептер барбы?)

- Банктын кызматкерлеринин сапаттуу тейлеши жана кесипкөйлүгү, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы Банктын филиалдарынын кардарлар үчүн төлөмдөрдүн мүмкүн болушунча тез жана натыйжалуу жүргүзүлүшү үчүн ыңгайлуу жайгашуусу маанилүү;

 3.      КБКдагы жол-жоболор тууралуу айтып берсеңиз, кардарлар көбүнчө кандай суроолор менен кайрылышат?

  1. Сатып алуучу уюм сатып алуу боюнча контракты түзүүнүн алдында ыйгарым укуктуу банктардын бирин тандайт да, анда сатып алуу келишими боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн өзүнчө эсеп ачылат.
  2. Тендерге катышууну каалаган "аткаруучу" Жеке ишкер же уюм сатып алуу келишимин түзгөнгө чейин тандалган ыйгарым укуктуу банк менен банктык эсеп келишимин түзөт жана анда банктык эсепти ачат.
  3. Ыйгарым укуктуу банкты тандап алган тууралуу сатып алуучу уюмга билдирет жана ага ыйгарым укуктуу банкта ачылган банктык эсептин реквизиттери жөнүндө кабарлайт.
  4. Тендердин жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу банк менен банктык коштоо көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген табыштамага ылайык ачык банктык эсептин атайын режимин (өзүнчө эсеп режимин) белгилеген банктык эсеп келишимине кошумча макулдашуу түзүлөт.
  5. Ыйгарым укуктуу банктан Жеке кабинетке кирүүгө мүмкүнчүлүк алат («Тастыктоочу документтерди кабыл алуу порталы») жана котрактка, ошондой эле ӨБЭ келишиминин шарттарына ылайык бардык төлөмдөрдү жүргүзөт.
  6. Контракты аткарууда Өзүнчө банктык эсеп режими алынып салынат.

4.      Керемет Банктын контракттык коштосуна кардарлар канааттанабы?

- КБКнын алкагында иштеген банк кардарлары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин окуу борбору тарабынан Банктардын өкүлдөрү менен бирге уюштурулган атайын окуудан өтүшөт, мындан тышкары үзгүлтүксүз суроолор чогултулуп ага өз учурунда жооптор берилип (стандарттык эмес кырдаалдар), андан кийин жооп адресатка жөнөтүлөт. Натыйжалуу бүткөрүлгөн контракттар бар жана ага кардарлардан оң пикирлер келип түшүп, алар контрактты банктык коштоонун жеткиликтүүлүгү жана аны колдонуунун жеңилдиги тууралуу өз ой-пикирлери менен бөлүшүүдө. Кээ бир кардарлар өздөрү «Керемет Банк» ААКнын контрактты банктык коштоо боюнча жаңыдан иштөөнү пландап жаткан башка «Аткаруучуларга» сунушташууда, мындан тышкары, топтолгон тажрыйбадан улам, кардарлар учурдагы отчеттуулук системасын жакшыртып, модернизациялап, квалификациялуу бухгалтерлерди ишке алып, иштерин өркүндөтүшүүдө.

5.      Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү контракка карата банктык коштоону кантип колдонуунун тартибин түшүндүргөн стандарттык документтердин формаларын жана методикалык материалдарды кайдан тапсам болот?

- «Керемет Банк» ААКнын сайтында ӨБЭ ачуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси камтылган бардык керектүү маалыматтар жана нускамалар камтылган. Мындан тышкары, кардарлар Банктын бөлүмдөрүнө кайрыла алышат, ал жерде банк кызматкерлери аларга консультация беришет жана ошондой эле банктын бардык бөлүмдөрүндө КБК боюнча басма материалдар бар.

6.     Ким менен байланышса болот? КБК жөнүндө суроо бергиси келген кардарлар кайда барышы керек?

- Банктын сайтында Банктын бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин тизмеси жана даректери менен КБК боюнча жооптуу кызматкерлердин телефондору жайгаштырылган, алар менен байланышып, же болбосо кардарлар Банкка келип, бардык пайда болгон суроолор боюнча Банктын кызматкерлеринен квалификациялуу жоопторду ала алышат;

7.      Камсыздоочулар банктын башка кызматтарынан пайдаланабы? Мисалы, насыя алуу же акча которуу боюнча суроолор? КБК менен байланышпаган башка маселелер тууралуу Керемет Банктын адистери жардам береби?

- Банк кардарлары КБК аркылуу банктык кызматтарынын бардык түрлөрүн алышат жана көп колдонушат, эң көп колдонгондо булар:

Эл аралык акча которуу системалары, накталай акчаны конвертациялоо, кызматкерлерге салыктарды жана эмгек акыларды төлөө, эсептешүү жана кассалык тейлөө.

Интернет-банкингге кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, алар төлөмдү Банкка барбастан аралыкта жүргүзүшөт.

КБК боюнча жооптуу кызматкерлер менен бул шилтеме аркылуу байланышса болот.

"Керемет Банк" бул мүмкүнчүлүктөрдүн банкы!

Жаралган суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу «Керемет Банк» ААКнын күнү-түнү иштөөчү контакт-борборуна чалыңыз: 0 (312) 55 44 44, 0 (703) 55 44 44, 0 (997) 55 44 44, 0 (227) 55 44 44 же  0 (996 557) 55 44 44 WhatsApp номуру аркылуу байланышууга болот.


close