Жаңылыктар

«Керемет банк» балдардын жолдо жүрүү коопсуздугуна кам көрөт

11 тогуздун айы 2024

10-октябрда «Керемет Банк» ААК  КР ИИМнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте балдарды жолдо коргоо багытында акция өткөрүштү.

Акциянын негизги максаты балдардын жаракат алуусунун алдын алуу жана жол кырсыктарын алдын алуу болуп саналат.

Керемет Банк кийимге же рюкзакка тагылуучу чагылдыруучу брелокторду даярдап, ал брилоктор акрылуу күүгүмдө жолдо жүргөн балдарды айдоочулар өз убагында көрүп, ылдамдыгын азайтууга мүмкүндүк берет.

Мындай брилокторду «Керемет банк» жана Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын өкүлдөрү И.В.Панфилов атындагы АОТК гимназия мектебинин кенже класстарынын окуучуларына таратышты.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын басма сөз кызматынын ага инспектору, милициянын капитаны Муратбеков Нурсултан Муратбекович окуучулар менен биргеликте жолдогу ар кандай кырдаалдарды изилдеп, коопсуз жол кыймылы темасында викторина өткөрүштү.


close