Жаңылыктар

Сак болуңуздар шылуундардын жаңы алдоо ыкмалары пайда болду!

15 тогуздун айы 2024

Урматтуу кардарлар!

«Керемет Банк» ААК телефондук шылуундардын алдамчылык фактылары барган сайын көбөйүп жатканын билдирет. Шылуундар телефон чалуулар аркылуу жарандарды алдаш үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп, акчаларын уурдап же алардын эсебинен өздөрүнө акча которуу үчүн жарандардын атынан онлайн кредиттерди ачышып чабуул жасашууда.

Сиздин жеке маалыматыңызды тактоо үчүн банк сизге эч качан чалбай турганын эскертебиз!

Тактап айтканда:

  • Толук картанын номери;
  • CVV коду;
  • Картанын жарактуулук мөөнөтү;
  • 3D SECURE коду (онлайн операция жасоодо телефон номерине жөнөтүлөт).

Эскерте кетсек, биздин банктын негизги жана жалгыз сайты: keremetbank.kg

Эгерде сиз алдамчылык фактыларына туш болсоңуз же шылуундар сиздин маалыматыңызды пайдаланып, ээлеп алууга аракет кылып жатат деп шектенсеңиз, Банктын 24/7 тартибинде иштеген байланыш борборуна кайрылыңыз: 0 (312) 55 44 44, 0 (703) 55 44 44, 0 (997) 55 44 44, 0 (227) 55 44 44 же WhatsApp аркылуу: 0 (557) 55 44 44.


close