Жаңылыктар

Жашыл экономика - 2024

25 тогуздун айы 2024

23-октябрда жашыл экономиканын негизги аспектилерине арналган Борбор Азия форуму өттү. Катышуучулар энергиянын натыйжалуулугу, энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ), таштандыларды башкаруу, туризм жана «жашыл» долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылык инструменттерди талкуулашты.

«Керемет Банк» ААКда директорлор кеңешинин мүчөсү Клара Эргашевна Эрмакбаева жана Туруктуу өнүктүрүү жана андеррайтинг бөлүмүнүн башчысы Теңизбаев Тынчтык Камбарбекович форумга активдүү катышты.

Клара Эрмакбаева белгилегендей, «жашыл» экономика бир гана пайда эмес, жаратылышка жана коомго жоопкерчиликтүү мамиле кылуу. Жаңы технологияларды киргизүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүү бизнеске жана инвестицияга мүмкүнчүлүктөрдү ачып, жашоонун сапатын жакшыртууга жардам берет.

«Керемет Банк» – ийгиликке сапарлаш!

 Телефон: +996 312 55 44 44
 WhatsApp: +996 557 55 44 44
 Факс: +996 312 31 31 00
 Email: call-center@keremetbank.kg 
 Сайт: keremetbank.kg


close