Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААК каржылык коопсуздук боюнча республикалык олимпиаданын расмий өнөктөшү катары чыкты.

12 бештин айы 2024

«Керемет Банк» ААК иш-чаранын расмий өнөктөшү катары чыкты.

Финансылык коопсуздукту жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу борбору Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги менен биргеликте, Бишкек шаарында, пилоттук долбоордун негизинде, жогорку класстын окуучулары үчүн каржылык коопсуздугу боюнча Республикалык олимпиада өткөрдү.

Олимпиаданын тандоо этабы дистанциялык форматта «Шериктештик» платформасында 25-ноябрдан 4-декабрга чейинки аралыкта өткөрүлдү. Ага 56 мектептин 700 окуучусу катышты. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча финалга катышуу үчүн 300 мыкты катышуучу тандалган. Тандоо туура жооптордун көптүк санынын негизде аныкталган.

Олимпиаданын финалы 2024-жылдын 7-декабрында Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде өттү. Иш-чаранын алкагында көргөзмө, интерактивдүү зоналар, мастер-класстар уюштурулуп, анда катышуучуларга финансылык коопсуздук жана финансылык кылмыштуулуктан коргонуу маселелери боюнча билимдер оюн түрүндө берилген.

«Керемет Банк» ААК олимпиаданын бардык катышуучуларына жана жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктарды тапшырды.

Катышуучулардын санынын өзү эле мектеп окуучуларынын бул багыттагы билимге болгон кызыгуусун тастыктайт.

Бардык катышуучуларга кызыгуу, өжөрлүк жана жогорку билим деңгээлде атайын даярданып келип катышкандары үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Жаш муундун каржылык коопсуздук тармагын жакшыртууга болгон умтулуусу коомубуздун келечегине ишеним жаратат. «Керемет Банк» ААК финансылык жана санариптик коопсуздук маселелери боюнча демилгелерди колдоону улантат.


close