Жаңы 2025-жылдын алдында “Керемет Банк” ААК “Максат” - Чүй облустук ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана жетим балдарды реабилитациялоо борборунун тарбиялануучуларын куттуктады
«Керемет Банк» ААК тарабынан ар бир балага жаңы жылдык белектер берилди.
«Керемет Банк» ААК жетекчилиги мындан ары да Чүй облусундагы «Максат» - балдарды жана жетим балдарды реабилитациялоо борборун, ошондой эле Токмок шаарындагы Республикалык адистештирилген балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоо борборун туруктуу колдоо боюнча чечимин кабыл алды.
Биз башкаларга жардам берүү менен өлкөбүздү күчтүү кыла алабыз. Социалдык жоопкерчилик биздин банктын негизги максаттарынын бири болуп саналат. Биз коомчулукту жана бизнес-коомчулугун ар бир мүмкүнчүлүктө кайрымдуулук демилгелерин колдоп турууга чакырабыз.
«Максат» - Чүй облустук ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана жетим балдарды реабилитациялоо борборунун директору - Абдрахманова Калбүбү Мырзакуловнага жана ошол борбордун бардык кызматкерлерине күжүрмөн эмгектери үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз!