Жаңылыктар

UnionPay MПС карт ээлери үчүн маалымат

25 бештин айы 2024

Урматтуу UnionPay MПС картарын колдонгон кардарлар,  «Керемет Банк» ААК 2024-жылдын 27-декабрынан тартып техникалык иштерге байланыштуу UnionPay MПС банктык төлөм карттарын тейлөөнү токтото тургандыгын кабарлайт.

Ушуга байланыштуу, 26-декабрга (кошуп эсептегенде) чейин UnionPay MПС карттарынын ээлери карттагы бардык акча каражаттарын чыгарып/которуш керек. Банктын кардарлары карт эсептериндеги бардык акча каражаттарын Банктын жакынкы филиалдарынын кассаларынан ала алышат.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн тартып MПС UPI банк картарын колдонуу укугу чектелет, бирок белгиленген мөөнөттөн кийин Банктын кассаларынан паспортту көрсөтүп, карттан акчаларды чечип/алуу мүмкүн, Банк эсептерин толук жабып салуу иши пландаштырбайт. Акча каражаттар кардардын эсептеринде калып, бөлүмдөр аркылуу жеткиликтүү.

Ошол эле учурда «Керемет Банк» ААК, VISA эл аралык төлөм системасынын карттарын алууга буйрутма берүү мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертет, буйрутма берүү    шилтемеси.

Бардык суроолор боюнча 0 (312) 55 44 44.0 (703) 55 44 44, 0 (997) 55 44 44, 0 (227) 55 44 44 телефондору аркылуу 24/7 саат тартибинде иштеген «Керемет Банк» ААКнын Байланыш борборуна кайрылыңыз же 0 (557) 55 44 44 WhatsApp аркылуу.


close