Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААКсынан расмий маалымат

16 үчтүн айы 2025

«Керемет Банк» ААК Кыргыз Республикасындагы улуттук экономиканы өнүктүрүүгө жигердүү колдоо көрсөткөн ишенимдүү жана натыйжалуу өнөктөш катары алдыңкы банктардын бири. Биз өлкөнүн каржылык туруктуулугун камсыз кылуудагы иш аракетибиз менен сыймыктанабыз жана кардарларыбызга, өнөктөштөрүбүзгө сапаттуу кызматтарды көрсөтүү боюнча милдеттенмебизге берилген, ишенимдүү Банк бойдон калабыз.

«Керемет Банк» ААК ачык-айкындуулук жана жоопкерчилик принциптерин сактоо менен ар дайым улуттук мыйзам жана эл аралык укуктарга ылайык так иш алып барат.

Банк OFACга АКШнын Каржы министрлигинин (OFAC) Чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча кеңсесине “биздин банк тарабынан мыйзам бузууларга жол берилген” деген билдирүүсүнө даттануу иретинде кайрылды.

«Керемет Банк» ААК ачык-айкындуулук, ишенимдүүлүк жана жоопкерчилик принциптерине берилгендик менен кардарлардын жана өнөктөштөрдүн алдындагы өз милдеттерин аткарып, кадимки тартипте ишин улантууда.

Жогорудагы окуялар банктын ишине таасирин тийгизбейт жана банк аманатчылардын алдындагы өз милдеттенмелерин толук аткарууну улантат. Бардык бөлүмдөр график боюнча иштеп, операциялык иш-чаралар толук көлөмдө жүргүзүлүүдө. Биз диалогго ачыкпыз жана жөнгө салуучу органдар, анын ичинде эл аралык аудиторлор менен кызматташууга даярбыз жана жаңы маалыматтар пайда болгон учурда Банктын өнөктөштөрүн жана кардарларын кабарлап турабыз.


close