Visa карта ээлери үчүн маалымат
Урматтуу кардарлар,
VISA Эл аралык төлөм системасы тарабынан киргизилген чектөөлөрдөн улам, “Керемет Банк” ААК тарабынан чыгарылган VISA карталары "Керемет Банк" ААКга таандык түзмөктөрдө (POS-терминал, төлөм терминалы, банкомат) гана тейленерин билдиребиз.
Төлөм карталарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында биз Элкарт картасын акысыз алууну сунуштайбыз. Бишкекте картаны ачуу 5 жумуш күнү ал эми аймактарда 10 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Кардарлар карта эсептериндеги бардык акча каражаттарын жакынкы банктын бөлүмдөрүнүн кассаларынан ала алышат же мобилдик тиркеме аркылуу Элкарт карталарына же учурдагы эсептерине которо алышат.
Банктын кассаларында карттык эсептен накталай акча алуу паспортту көрсөткөндөн кийин гана ишке ашырылат.
Акча каражаттар кардарлардын эсептеринде коопсуз бойдон сакталып турат.
Элкарт карталарынын артыкчылыктары менен "Керемет Банк" ААКнын төмөндөгү шилтемеси аркылуу таанышып, буйрутма берсеңиз болот.