АКШнын элчиси кыргызстандык компанияларды санкциялык тизмеден чыгаруу боюнча чечим издөөгө даяр
АКШнын элчиси кыргызстандык компанияларды санкциялык тизмеден чыгаруу боюнча чечим издөөгө даяр
Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.
Тараптар «Керемет Банк» ААК, «Газпром Нефть Азия» ЖЧКсы жана «Мунай Мырза» ЖАКсын АКШнын санкциялык тизмеге киргизилгени боюнча маселесин талкуулашты.
Кыргызстандын сырткы саясий мекемесинин расмий өкүлү «Керемет Банк» жана башка компаниялардын АКШнын санкциялык тизмесине киришине тынчсыздануусун билдирди. Ал айтымында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары америкалык өнөктөштөр менен кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча дайыма консультациялык сүйлөшүүлөрдү өткөрүп турушат.
Медер Абакиров кыргызстандык компанияларга каршы санкция киргизүү таң калыштуу жагдай экенин белгилеп, аларды тизмеден чыгарууну өтүндү.
«Лесли Вигери АКШ тарабынан кыргызстандык компанияларды санкциялык тизмеден чыгаруу боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди биргелешип издөөгө даяр экенин билдирди», — деп айтылат билдирүүдө.