Студенттер финансылык сабаттуулук боюнча маалымат алышты
2025-жылдын 19-февраль күнү «Керемет Банк» ААКтын Оштогу филиалынын директору Касымов Амантур Мыйманбаевич, юристи Джусмаматов Шанир Джылчынбаевич, банк кызматкери Нуркул уулу Роман КӨЭАУга келип, юридика-экономика факультетинин студенттери менен жолугушту.
Жолугушууда студенттерге финансылык сабаттуулук, кредит келишими, банктык операциялар, адамдын финансылык бакубаттуулугу боюнча кеӊири маалымат берилди.
Юридика-экономика факультетинин деканы, ю.и.д., профессор Алмагүл Көкөева, практикалык маанидеги мындай жолугушуулар кадрларды даярдоодо өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилеп, конокторго ыраазычылыгын билдирди.