Жаңылыктар

Балдарды коргоо күнүнө карата Керемет Банктан белектер жана куттуктоолор

2 кулжа 2025

Балдарды коргоо күнүн утурлай «Керемет Банк» ААКнын жамааты демөөрчүлүк кылган мекемелерге кезектеги кайрымдуулук акциясын өткөрдү – Чүй облустук «Максат» реабилитациялоо борборундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана жетим балдарга, ошондой эле Токмок шаарындагы Республикалык адистештирилген балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоо борборунун тарбиялануучуларына барышты.

 Тарбияланып жаткан балдарга камкордуктун, көңүл буруунун жана жылуулуктун символу катары белектер жана оюнчуктар тапшырылды. Мындай жылуу учурлар ар бир бала үчүн маанилүү жана алардын жашоосуна кубаныч тартуулайт.

Социалдык иш чараларын жана кайрымдуулук демилгелерин колдоо “Керемет Банк” ААКнын корпоративдик маданиятынын маанилүү бөлүгүнүн бири болуп саналат.

«Максат» борборунун директору – Абдрахманова Калбүбү Мырзакуловнага жана Токмок шаарынын Балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоо борборунун жетекчиси – Аманбаева Гүлнара Жалиловнага, ошондой эле бүтүндөй жалпы жамаатка ак ниет эмгектери үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!







close