«Ишкердик өсүү» кредит боюнча акция - азыр гана!
2025-жылдын 1-июлунан тартып “Керемет Банк” ААК “Ишкердик өсүү” кредиттик продуктусуна атайын акциясын баштайт – Сиздин бизнесиңизди өнүктүрүү жана колдоо үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк. Ишкерлер үчүн атайын ыңгайлуу шарттар даярдалган. Акция тууралуу кененирээк Банктын Кредиттик бөлүмүнүн начальниги Бозгунбаева Жибек кененирээк айтып бермекчи.
— Жибек, «Ишкердик өсүү» продуктусу деген эмне, айтып берсеңиз?
"Ишкердик өсүү" - бул ишкерлерди колдоого багытталган максаттуу бизнес кредити. Ал жабдууларды сатып алууда, жайларды оңдоодо, жүгүртүү каражаттарын толуктоодо же айыл чарба долбоорлоруна инвестициялоодо ошол иштеп жаткан бизнести кеңейтүүгө жана бекемдөөгө жардам берет. Бул олуттуу бизнес максаттарына жетүү үчүн ыңгайлуу жана ийкемдүү курал десек болот.
— Бул сунуш менен кимдер пайдалана алат?
Кредит бизнеси 6 айдан кем эмес мөөнөттө туруктуу иштеп жаткан жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга багытталган. Бул маанилүү шарт: биздин максат - жаңы деңгээлге чыгууга жардам берүү үчүн иштеп жаткан долбоорлорду колдоо.
— Продуктун алкагында кандай максаттар үчүн каржылоо алса болот?
максаттардын тизмеси кенен жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
• жабдууларды жана коммерциялык кыймылсыз мүлктү сатып алуу же оңдоо,
• жүгүртүү каражаттарын толуктоо,
• учурдагы бизнес-кредиттерин кайра каржылоо,
• айыл чарба долбоорлорун иштеп чыгуу: айыл чарба техникасын сатып алуудан баштап, мезгилдик жумуштарга акы төлөөгө чейин.
Биз шаардык ишкерлердин талаптарындай эле, айылдык дагы ишкерлердин муктаждыктарын эске алууга аракет кылдык.
— Акция учурунда кандай шарттар каралган?
Өзгөчө атайын шарттар 2025-жылдын 1-июлунан 31-октябрына чейин жарактуу.
Акция төмөндөтүлгөн пайыздык ченди, ошондой эле ар бир кардарга жеке мамилени өзүндө камтыйт. Бул азыркы экономикалык шарттарда продуктуну өзгөчө жагымдуу кылат.
— Эмне үчүн бул продуктуну сунуштайсыз?
Бизнести өнүктүрүүгө жана масштабын кеңейтүүгө басым жасоо менен “Ишкердик өсүү” кредиттик продуктусу үчүн жаңы акция ишке киргизилүүдө. Жаңы шарттар продуктуну ого бетер жеткиликтуу, ийкемдуу жана ыңгайлуу кылат. Акциянын аркасы менен кредит ого бетер пайдалуу болуп калат. Биз кардарларыбыздын ийгилиги менен сыймыктанабыз жана өсүү менен өнүгүүнүн ар бир этабында сизди коштоп жүргөнүбүз үчүн кубанабыз.
Эгерде сиз өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн издеп жатсаңыз – аракет кылууга азыр убакыт келди!
Жакынкы Керемет Банк филиалына кайрылыңыз же биздин веб-сайтка онлайн арыз калтырыңыз.