Жаңылыктар

Бүгүн Кыргызстанда Мамлекеттик тил күнү белгиленүүдө!

23 аяк оона 2025

1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тилине мамлекеттик макам берилген.

Ошондон бери ал эгемендүүлүктүн, маданий мурас жана элдин руханий биримдигинин символу болуп калды.

Кыргыз тили эпосторубуздун, фольклордук чыгармаларыбыздын күчүн өзүндө сактап, даңазалап, аска-тоолорубуздун, дарыяларыбыздын, талааларыбыздын кооздугун чагылдырып келет.

Ал мындан ары да гүлдөп, өлкөбуздун бардык элдеринин ортосундагы ынтымакты жана достукту чыңдай бермекчи.


close