Жаңылыктар

"Транзакцияга алынуучу салык" атайын салык тартибинин киргизилгендиги тууралуу маалымат

28 үчтүн айы 2026

"Керемет Банк" ААК  "Транзакцияга алынуучу салык" атайын салык тартибинин киргизилгендиги тууралуу билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-декабрындагы №350 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Салык кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

  • "Транзакцияга алынуучу салык" деген атайын салык тартиби киргизилди.
  • Салык коюму 0,2%дан 0,1%га чейин төмөндөтүлдү.
  • Эсеп ачылган банк транзакцияларды жүргүзүүдө салык агенти катары салыкты кармап калат жана төлөйт.
  • Бул тартипти колдонгон салык төлөөчүлөр транзакцияларды гана жүргүзө алышат. Мындай тартиптин алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барганга тыюу салынат.

Манилүү:

Транзакция боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзгөн салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-февралына чейин салыктык каттоодо турган жери боюнча салык органдарына атайын салык тартибин колдонуу жөнүндө арыз бериши керек.

Сураныч, Бардык суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматына кайрылыңыздар.


close