Жаңылыктар

«Керемет Банк» аймактарда эквайрингдик тармакты өнүктүрүү боюнча жылдын мыкты банкы деп табылды

11 бештин айы 2019

«Банктар аралык процессингдик борбор» ЖАК («Элкарт» улуттук төлөм тутумунун оператору) 2019-жылдын жыйынтыктарын чыгарды жана «Керемет Банк» ААКун «Аймактарда эквайрингдик тармакты өнүктүрүү боюнча мыкты банк» деп тааныды.

«Керемет Банк» бир айга жетпеген убакытта өлкөгө 100 банкомат алып келди, алар жакынкы кварталда бардык облустарда орнотулат: 19у – Баткен облусунда, 17ден – Жалал-Абад жана Ош облустарында, 13төн – Ысык-Кол жана Чүй облустарында, 12си – Нарын облусунда, 9у – Талас облусунда. Кызматчылардын уюшкан иш-аракеттеринин аркасында бүгүнкү күнгө карата алынып келинген банкоматтардын 17си орнотулду: Ысык-Көл облусу жана Жалал-Абаддын чейрек бөлүгү камтылды.

«Бул татыктуу сыйлык. Бир катар себептерден улам ар бир эле кыргызстандык банк ушундай кадамга жөндөмдүү эмес, алардын негизгиси банктык түзүлүштөрдүн жана программалык камсыздоонун кымбаттыгы, банкоматтарды күтүүнүн наркынын жогорулугу жана өлкөнүн алыскы райондорундагы аларды инкассациялоонун татаалдыгы, ошондой эле аймактарда инфратүзүмдүн өнүгүүсүнүн төмөндүгү болуп саналат», - деп белгиледи башкармалыктын төрагасынын орун басары Нарынбек Алыбаев. – Бул татаалдыктарга карабай, «Керемет Банк» өлкөдөгү банктык түзүлүштөрдүн саны боюнча флагмандардын бири катары, бардык кыргызстандыктардын заманбап банк кызмат көрсөтүүлөрүнө бирдей баалуу жетүүсүнө шарттар түзүүгө өзүнүн колдон келген салымын кошууну улантууда».

Пластик карталарды тейлөө үчүн өнүккөн банктык терминалдык инфратүзүмдүн барлыгы аймактарда банк тутумун майнаптуу өнүктүрүү үчүн негизги факторлордун бири болуп саналат. Бүгүнкү реалийлер ушундай, шаар калкынан айырмаланып, алыскы жана бийик тоолуу райондордун айылдык тургундарынын чоӊ бөлүгү элементардуу банк кызмат көрсөтүүлөрүнө жете алышпайт. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын президенти 2019-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялады.

Ушул долбоор аягына чыккан соӊ «Керемет Банктын» тармагында бүткүл өлкө боюнча 250 банкомат иштей турган болот. Артыкчылыктардын бири – бул тутумду жөндөөнүн ийкемдүү мүмкүнчүлүктөрү, алар банкка карта аркылуу накталай эмес ык менен кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү банкоматтардын тармагына көчүрүүгө жол беришет. Банк Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча да активдүү иш жүргүзүп жатат: соода-тейлөө ишканаларында жүздөгөн POS-терминалдар орнотулууда жана төлөм терминалдарынын тармагы кеӊейтилүүдө (алсак, бүгүнкү күнгө карата 175 түзүлүштөр банктын кардарларына 200дөн ашуун тапшыруучулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө жол беришет).

«Керемет Банкта» тейлөөнүн бардык маселелери боюнча күнү-түнү иштөөчү байланыш борборуна (0312) 55 44 44 телефону боюнча кайрылууга болот. 

close