Жаңылыктар

«Керемет Банк» контаксыз VISA карталардын ыңгайлуулугун баалоого чакырат.

30 үчтүн айы 2020

«Керемет Банк» эл аралык төлөм аткаруу Visa системасынын контаксыз карталарын чыгара баштады. Жөнөкөй адаттагы карталардан контаксыз карталардын айырмасы, ал менен сатып алган товарга PIN-кодду баспай туруп көз ирмемде төлөм аткарса болот, болгону кассадагы эсептөө түзүлүшүнө картаны тийгизип коюу керек. Контаксыз төлөм аткаруу технологиясы, картадан атайын терминалга төлөм жөнүндө маалыматты, атайын радиоканал аркылуу өткөрүп берген ичинде камтылган микрочипти колдонууда негизделген, ал адатынча «payWave» логотиби менен белгиленет.

 

ОАО «Керемет Банктын» контаксыз карталардын биринчи колдонуучулары анын артыкчылыктарын баалаганга дагы жетишип калышты.

  • Ыңгайлуу жана тез. Картаны эсептөө түзүлүшүнө жакындатып коюу жетиштүү, жана 1 000 сомго чейинки чек төлөнүп калат – бул май куюу станциясында, кафеде жана магазинде майда-чүйдө сатып алууларды аткарууда убакытты бир топ үнөмдөйт. Эгерде төлөмдүн суммасы бир миң сомдон ашык болсо, коопсуздук максатында PIN-код басуу талап кылынат.    
  • Коопсуздук. Контаксыз төлөм аткарып жатып, кожоюн картаны колунан коё бербейт жана бөтөн адамга бербейт.

Бул инновация дүйнө жүзүндөгү колдонуучулардын арасында популярдуу болууга жетишти, Кыргызстанда контаксыз терминалдар ири соода тармактарда жана сервистик тейлөө түйүндөрдө бар.

Контаксыз төлөм аткаруу процессии төмөнкүчө түрдө жүрөт:

  • кассир киргизген төлөмдүн суммасы текшерилет;
  • контаксыз картасы «payWave» логотиби бар эсептөө түзүлүшүнө жакын алып барылат, үндүү сигнал чыгат жана дисплейде төлөмдү тастыктаган жазуу пайда болот;
  •  сатуучу чекти басып чыгарып берет;
  • Контаксыз төлөмдү колдогон атайын эсептөөчү түзүлүшү жок болуп калган учурда, төлөмдү адаттагы жөнөкөй POS-терминал аркылуу аткарса болот.

Баарыңарды «Керемет Банктын» контаксыз карталардын колдонуу ыңгайлуулугун баалоого чакырабыз! Кошумча суроолор болсо ОАО «Керемет Банктын» күнү-түнү иштеген контак-борборуна (0312) 55 44 44 номуру боюнча кайрылса болот же суроону расмий сайта берсе болот.

close