Жаңылыктар

Үйдөн чыкпай туруп, кызмат көрсөтүүлөргө кантип акы төлөөгө болот? «Керемет Банктын» онлайн-банкинги аркылуу!

19 жалган куран 2020

«Керемет Банктын» мобилдик жана интернет-банкинги – бул ыңгайлуу гана болбостон, коопсуз дагы. Аралыктан тейлөө банктын кардарларына үйдөн чыкпай туруп, 300дөн ашуун сервистерди алууга жол берет. Анан калса бардык онлайн-кызмат көрсөтүүлөр үч тилде: кыргыз, орус жана англис.

«Керемет Банктын» онлайн-ресурстарын дайыма колдонуучулар үчүн мобилдик жана интернет-банкинг эбак эле алмаштыргыс жардамчылар болуп калышкан. 

Бир көз ирмемде, үйдөн чыкпай жана накталай акчага кол тийгизбей туруп, сиз төмөнкүлөрдү кыла аласыз:

  • телефондун теңдемин же электрондук капчыкты толуктай;
  • өз картаңыздан башка банктардын карталарына акча которо;
  • коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, интернетке жана башка белгилүү сервистерге акы төлөй;
  • насыяны төлөп кутула;
  • муниципалдык унаада жүрүү үчүн «Тулпар» бирдиктүү төлөм картасын толуктай;
  • «Золотая Корона» акча которуусун «Керемет Банктын» «Элкарт» же VISA карталарына өз алдынча түшүрө.

Эң жагымдуусу, төлөмдөрдүн жана акча которуулардын бир бөлүгү комиссиясыз, башкача айтканда акысыз жүзөгө ашырылат!

Талашсыз артыкчылыктардын бири, кардарлар «автотөлөм» кызматын өз алдынча жөндөй алышат, анын аркасында тутум аныкталган күндөрдө теңдемден бирдей сумманы автоматтык түрдө ала жана тандалган кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөй турган болот. Мында бардык жасалган операциялар реалдуу убакыт шарттамында документтик көчүрмөлөр менен тастыкталышат.

Мобилдик жана интернет-банкингди дайыма өркүндөтүп, «Керемет Банк» кардарлардын өзүн-өзү тейлөөсү үчүн пайдалуу кызматтарды үзгүлтүксүз кошумчалайт. Мисалы, азыркы учурда «Элкарт» жана VISA карталарына СМС-кабарлоону, ошондой эле VISAга интернет-төлөмдөрдү кошуу үчүн банктын кеңсесине келүү милдеттүү эмес. Муну интернет-банкинг же мобилдик тиркеме аркылуу өз алдынча жасоого болот.

Кардарлардын саламаттыгына кам көрүп, биз бардыгыңыздарды «Керемет Банктын» мобилдик жана интернет-банкингинин талашсыз ыңгайлуу кызматтарынан колдонууга жана берилген дистанттык сервистердин көп кызматтуулугу менен пайдалуулугун тажрыйба жүзүндө баалоого чакырабыз.

  • Сиздин көңүлүңүздү «Керемет Банктын» бардык тейлөө чекиттери кадимки жумуш графигине ылайык иштөөсүн улантканына жана Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылуусуна жол бербөө үчүн бардык зарыл чараларды көргөнүнө бурабыз. Бардык филиалдарда жана сактык кассаларында хлорду камтыган каражаттарды колдонуу менен бөлмөлөрду үзгүлтүксүз жыйнап-тазалоо жүргүзулүп жатат, ошондой эле кардарлар жана кызматчылар үчүн антисептикалык каражаттар орнотулган.

«Керемет Банктын» иштөөсү жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө бардык пайда болгон суроолорду күнү-түнү иштөөчү байланыш-борборуна төмөнкү телефон боюнча +996 312 55 44 44 даректөөгө болот.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоңуз!

__________________________________________________


close