Жаңылыктар

«Керемет Банк»: филиалдык тармактын кыскартылган иштөө графиги жөнүндө

1 чын куран 2020

Урматтуу «Керемет Банктын» кардарлары!

2020-жылдын 25-мартынан тартып Кыргыз Республикасында өзгөчө абал шарттамы киргизилди. Сиздер менен биздин бүгүнкү күндөгү негизги милдетибиз – мамлекетке жана кыргыз элине COVID-19 вирусунун өлкөбүздө жайылбоосуна жол бербөөгө жардамдашуу.

  • Түзүлгөн кырдаалды эске алып, Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын андан ары таралуусун болтурбоо максатында, «Керемет Банк» ААКунда банктын башкы кеңсесинин иш графигин жумуш күндөрүндө саат 9:00дөн саат 16:00гө чейин, филиалдарында жана сактык кассаларында саат 15:00гө чейин кыскартуу чечими кабыл алынды.
  • COVID-19 вирусунун жайылуусуна каршы туруу боюнча Каракол шаардык штабынын чечимине ылайык, 2020-жылдын 14-апрелинен баштап ААКдун «Керемет Банк-Каракол» филиалы кардарларды 13:00гө чейин тейлей турган болот.
  • Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун комендантынын 2020-жылдын 15-апрелиндеги чечимине ылайык, «Керемет Банк -Ош» ААК кардарларды 8:00дөн 15:30га чейин тейлейт.

«Керемет Банк» тарабынан төмөнкү сактык кассаларынын ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу чечими да кабыл алынды:

  • Бишкек шаарында Б. Бейшеналиева көч. 31-үй, 32, 31-үй, 23/1- жана 23/2-батир дареги боюнча № 049-03-39 СКнын (Ош базарынын районунда) жана Кожевенная көч. 1-үй дареги боюнча № 049-01-01 СКнын («Дордой» базарындагы мечиттин районунда);
  • Бишкек ш., Ш.Баатыр көч. 4, дареги боюнча №049-03-В1 сактык кассасы «Керемет Банк-Бишкек» ААКФ (Бишкек шаардык мэриянын транспорт башкармалыгы)
  • Бишкек ш., Москва көч. 172 / Турусбеков көч. дареги боюнча №049-01-12 сактык кассасы «Керемет Банк-Бишкек» ААКФ
  • Талас шаарында Манас көч. 185 боюнча жайгашкан № 049-24-13 СКнын (борбордук базардын районунда);
  • Ош облусунун Ноокат шаарында Ленин көч. н/ж дареги боюнча № 049-32-03 СКнын;
  • Ош ш., Раззаков көч. 15а, (Мам. каттоо) дареги боюнча №049-32-24 сактык кассасы «Керемет Банк-Ош» ААКФ;
  • Ош ш., Ленин көч. 312 дареги боюнча №049-32-24 сактык кассасы «Керемет Банк-Ош» ААКФ;
  • Жалал-Абад обл. Жалалабат ш. , Н.Айтматова көч., 9  дареги боюнча №049-25-27 24 №049-25-27 сактык кассасы «Керемет банк - Жалалабат» ААКФ 
  • Ысык-Көл обл., Каракол ш., Торгоев көч. 43, дареги боюнча №049-16-05 сактык кассасы "Керемет Банк-Каракол" ААКФ («Ак-Тилек» базарында).

«Керемет Банктын» кызматчылары банкоматтар менен  терминалдардын көп сандуу тармагынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоого аракеттенүү үчүн мүмкүн болгон бардык күч-аракетти жумшашат, байланыш-борбору кардарларына шарттарында кеңеш берүүсүн улантат.

Азыркы мезгилде «Керемет Банк» үчүн кардарлардын жана кызматчылардын саламаттыгын коргоо биринчи орунда турат. «Керемет Банк» бардык кыргызстандыктарга БДССУнун жана КРнын Штабынын COVID-19 боюнча сунуштарын карманууну сунуштайт. Бул кырдаалда ар бир жаран жеке жоопкерчиликти көрсөтүүгө – өтө зарылдыгы жок үйдөн чыкпоого, өзүнүн саламаттыгына кам көрүүгө жана коронавирустун андан ары таралуусуна жол бербөөгө тийиш.

Жумуш графигиндеги бардык өзгөрүүлөр жөнүндө Банк өз кардарларына сөзсүз кошумча кабарлайт. Суроолор пайда болгон учурда аларды байланыш-борборуна төмөнкү телефон боюнча (0312) 55 44 44 даректөөгө же сайт аркылуу жазууга болот.

Урматтоо жана камкордук менен, «Керемет Банктын» командасы!

close