Жаңылыктар

Керемет Банктын клиентери каалаган учурда 30 мамлекеттик маалым кат ала алышат

27 жалган куран 2020

«Керемет Банк» Кыргызстандын каржы базарындагы санариптик технологияларды колдонуунун туу көтөрүүчүлөрүнүн бири катары кайталангыс тейлөөнү (өлкөдөгү карантиндик иш-чаралар шарттарында өтө талап кылынган) – мамлекеттик жана коммерциялык кызматтарды көрсөтүү боюнча онлайн-аянтчаны ишке киргизет.

Marketplace-платформа – бул өз сегментиндеги инновациялык иштелме, ал азыркы учурда кыргызстандыктарга реалдуу убакыт шарттамында эӊ ар түрдүү багыттар боюнча 30га чейинки расмий мамлекеттик маалым каттарды берүүгө жол ачат:

  • унаа жана айдоо (унаа каражаттары, айдоочулук күбөлүктөр, жазапулдар ж.б. жөнүндө расмий маалыматтар);
  • паспорт жана күбөлүктөр (паспорттук маалыматтар, даректик катталуу, табылгалар бюросу ж.б. жөнүндө маалым каттар);
  • жумуш, пенсия, салыктар (бюджетке төлөмдөр, пайда болгон карыздар боюнча маалыматтар, жумушсуз макамы ж.б. жөнүндө маалым каттар);
  • медицина жана камсыздандыруу  (ММК боюнча камсыздалгандык, ММК полистери боюнча карыздар, ММК полистерин алуу жана төлөө ж.б. жөнүндө маалымат);
  • кыймылсыз мүлк (кыймылсыз мүлккө болгон укук жөнүндө, мүлккө болгон укуктун тарыхы жөнүндө мамлекеттик реестрден көчүрмө, кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөлөрү ж.б.);
  • билим берүү (жогорку жана орто билим жөнүндө дипломдорду текшерүү);
  • үй-бүлө жана балдар (үй-бүлөлүк макам жөнүдө маалыматтар, асырап алуучу болуу укугуна маалым каттар, асырап алууга арыздар ж.б.).

Саналып өткөн документтердин каалаганы электрондук форматта саналуу секунддарда жана көпчүлүгү абсолюттуу акысыз берилет. Тандалган кызмат көрсөтүүнү активдештирүү үчүн шилтеме боюнча кирүү жана өз жекече идентификациялык номериӊизди (ИНН) киргизүү керек, ал эми акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн «Керемет Банктын» интернет-банкингин туташтыруу талап кылынат, ал төлөмдөрдү өз алдынча жасоого жардамдашат.

  • «Бир нече жылдан бери биздин банк digital багытында ишенимдүү өнүгүүдө, - дейт «Керемет Банк» ААКнун башкармалыгынын төрагасынын орун басары НАРЫНБЕК АЛЫБАЕВ. – Объективдүү түрдө бүгүнкү күндө бизде базардагы эӊ ыӊгайлуу интернет-банкинг жана мобилдик тиркеме бар, алардын жардамы менен 200гө чейинки ар кыл кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө болот. Ал эми бул долбоорду толук укукта банктык жана мамлекеттик түзүмдөрдүн, берилген учурда «Керемет Банктын» жана «Түндүк» мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттешүү  тутумунун мүмкүнчүлүктөрүнүн санариптик коллаборациясынын ийгиликтүү мисалдарынын бири деп атоого болот. 

Акырындап «Керемет Банктын» marketplace-платформасындагы жеткиликтүү сервистердин тизмеги көбөйө турган болот. Андан ары өнүктүрүү боюнча мерчемдерде кардарларды автоматтык түрдө онлайн-насыялоо мүмкүнчүлүгү бар бизнесмендер үчүн кошумча сатуулар каналын жана сатып алуучулар үчүн товарлардын кеӊири тизмеси бар интернет-дүкөндү ишке киргизүү турат.

Эгерде сизде ушул долбоор же банктын башка кызмат көрсөтүүлөрү боюнча суроолор калса, «Керемет Банктын» иштөөчү байланыш-борборуна (0 312) 55 44 44 телефону боюнча кайрылыӊыз же call-center@keremetbank.kg кат жазыӊыз.

close