Жаңылыктар

«Керемет Банктын» кызматкерлери карантин учурунда бардык аймактардагы муктаж болгондорго жардам кылышты

11 бугу 2020

 

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал шарттамын жана андан кийин өзгөчө абалды киргизүү менен, «Керемет Банктын» кызматкерлери муктаж болгондордун ар кыл тайпаларына: көп балалуу жана жарды үй-бүлөлөргө, саламаттыгынын мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, ардагерлерге, медициналык мекемелерге, адистешкен балдар мекемелерине жардам көрсөтүштү, ошондой эле жаныбарлар менен канаттуулар жөнүндө кам көрүштү. 

Ар бир аймактык филиалга банк COVID-19 вирусунун кесепеттери менен күрөшүү үчүн каражаттарды бөлдү, жарыша эле кызматкерлер коронавирус менен күрөшүү үчүн өз алдынча каражаттарды чогултууну уюштурушту. «Керемет Банктын» аймактык өкүлдөрү жергиликтүү бийлик органдары менен чогуу тизмелерди түзүштү, дарек ээлери менен байланышышты, зарыл азык-түлүктөрдү сатып алууну жана аларды максаттуу жеткирүүнү жүзөгө ашырышты. Жыйынтыгында Ошто, Кадамжайда, Жалал-Абадда, Караколдо, Чолпон-Атада, Таласта, Кара-Балтада жана Бишкекте 150дөн ашуун үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

Банк Ысык-Көл, Чүй, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында ар кыл медициналык мекемелерге да колдоо көрсөттү. «Керемет Банктын» аркасы менен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык ооруканасында обсервация үчүн имарат даярдалды жана зарыл инвентарь сатылып алынды, Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын Бириктирилген аймактык ооруканасынын инфекциялык бөлүмүнүн медициналык персоналын изоляциялоо үчүн атайын коридорду орнотуу боюнча курулуш-монтаждоо жумуштары жүргүзүлдү, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын каржылык мерчемде көбүрөөк аялуу кенже медициналык жана техникалык персоналына материалдык колдоо көрсөтүлдү. Борбордо зарылдыгына жараша «Бишкек ш. Октябрь районунун ҮДББнун», «Бишкек ш. экстрендүү медицина борборунун» жана Республикалык инфекциялык клиникалык оорукананын медиктеринин суроо-талаптары канааттандырылды.

Чүй облусунун Жайыл районунда «Керемет Банктын» кызматкерлери оор абалда калган «ЯВНА» Балдар кайрымдуулук фондуна жана Сосновка айылындагы үй-бүлөлүк балдар үйүнө жардам кылышты.

Тилеккке каршы, «Бугу-Эне» Коомдук Фондунун карамагындагылар – зоопаркта тамак-ашсыз калган жаныбарлар менен канаттуулар да айласыз кырдаалда калышты. «Керемет Банкта» кызматкерлер чогулткан каражаттардын бир бөлүгүн карамагында 150дөн ашуун жаныбарлар менен канаттуулар, анын ичинде браконьерлердин айынан сокур болгон Жаабарс аттуу илбирстин баласы да бар реабилитациялык борборго берүүнү чечишти. «Керемет Банк-Каракол» филиалынын кызматкерлери Фонддун өкүлдөрү менен байланышышты жана алардын багуусундагылар үчүн эттин, жашылчалардын, жемиштердин жана көк-сактын 450 кг ашуун азык-түлүк корлорун сатып алышты.

COVID-19 – азыркы учурдун оор чакырыктарынын бири. Бүткүл дүйнө пандемиянын жайылуусу менен күрөшүү үчүн бирикти. «Эч ким кайдыгер кала албайт, - дейт «Керемет Банк» ААКнун Башкармалыгынын төрагасы Эркинбек Жумабаев. – Биздин банктын артыкчылыгы – бул кеӊири филиалдык тармагы, ал бизге өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында пандемияга байланыштуу келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүүгө жол берди. Мен биздин команда менен сыймыктанам, ал ынтымагын көрсөттү жана муктаж болгондордун эӊ ар түрдүү категорияларына жардамдашты. Кезектеги жолу биз элибиздин күчү – биримдикте, достукта жана ынтымакта экенине ынандык!»


close