Жаңылыктар

Кымбатуу биздин ардагерлер, Жеӊиш жана бейпил асман үчүн сиздерге ыракмат!

8 бугу 2020

Согуш жылдарындагы окуялардын катышуучулары тирүү кезде «Керемет Банк» ардагерлерге чексиз ыраазычылык билдирүүнү жана жасалган эрдик үчүн аларга жекече ЫРАКМАТ айтууну өз парзы деп эсептейт.

Улуу Жеӊиш күнүнүн 75 жылдыгынын босогосунда калыптанган салт боюнча банктын кызматкерлери, бардык коопсуздук чараларын сакташып, майданчыларды, блокадачыларды жана ооруктун эмгекчилерин 9-Май менен куттукташты! Көӊүл бурууга ыраазы болгон ардагерлер, өткөн согуш тууралуу эскерүүлөрү менен кенен бөлүшүштү, этият сакталган фотосүрөттөрүн, сыйлыктарын, саргарган үч бурч каттарын, погондорун жана башка ошол жылдардын эстелик буюмдарын көрсөтүштү.

Бизге, замандаштарга, согуш жылдарынын өспүрүмдөрүн жаш курагын чоӊойтуп жазууга, колуна курал алууга жана чоӊ кишилер менен бирдей согушка жөнөөгө эмне түрткөнүн божомолдоо гана калат. Аларга акыл жеткис күч-аракеттин куну менен ээ болгон Улуу Жеӊиш үчүн эмнени баштан кечирүүгө жана кандай акы төлөөгө туура келди?

75 жыл мурунку окуяларды эскерип жана биздин ардагерлердин эрдигине урмат көрсөтүп, «Керемет Банк» баарына бейпил асманды, эртеӊки күнгө болгон ишеничти, жыргалчылыкты жана бардык башталмаларда ийгиликтерди каалайт!

Кымбаттуу ардагерлер, сиздердин эскерүүлөр үчүн, эрдик, баатырдык, кайраткерлик жана сиздер урпактарга тартуулаган жаркын келечек үчүн сиздерге ыракмат! Сиздерге баш ийип таазим кылабыз, узак өмүр, чыӊ ден соолук жана жан дүйнө жылуулугун каалайбыз!

Мындан ары эч качан согуш болбосун!

close