Жаңылыктар

«Керемет Банк» өз кардарлары жөнүндө кам көрүп, мөөнөтү бүткөн «Элкарт» карталарынын иштөө мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алды

11 бугу 2020

КРда мурда киргизилген өзгөчө абалдын алынганына жана коменданттык сааттын жоюлганына карабай, жарандардын кыймылы боюнча чектөөлөр күчүндө калат.

Карта кармоочуларда апрелде мөөнөтү бүткөн жана жакынкы мезгилде мөөнөтү бүтө турган «Элкарт» улуттук төлөм карталарын кайра чыгаруу менен оорчулуктар пайда болбосун үчүн, банк алардын иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө теӊдеши жок чечим кабыл алды, Ошентип, бул «Элкарт» төлөм карталары карантинге байланыштуу чектөөлөр толук алынганга чейин банк тарабынан тейленет.

Карталардын иштөө мөөнөттөрүн узартуу автоматтык шарттамда жасалат, бул карта кармоочулардын банктын филиалдарына келүү зарылдыгын жокко чыгарат. 

«Керемет Банктагы» тейлөөнүн бардык маселелери боюнча банктын байланыш-борборуна 0312 55 44 44 телефону же сайттагы кайтарым байланыш калыбы аркылуу кайрылууга болот.


close