Жаңылыктар

“Керемет Банк” аркылуу үйдөн чыкпай туруп мамлекеттик маалымкаттарды онлайн алыңыздар

13 теке 2020

«Керемет Банк» Кыргызстандын каржы базарындагы санариптик технологияларды колдонуунун туу көтөрүүчүлөрүнүн бири катары кайталангыс тейлөөнү – мамлекеттик жана коммерциялык кызматтарды көрсөтүү боюнча онлайн-аянтчаны ишке киргизет.

Marketplace-платформа – бул өз сегментиндеги инновациялык иштелме, ал азыркы учурда кыргызстандыктарга реалдуу убакыт шарттамында эӊ ар түрдүү багыттар боюнча 30га чейинки расмий мамлекеттик маалым каттарды берүүгө жол ачат:

  • унаа жана айдоо (унаа каражаттары, айдоочулук күбөлүктөр, жазапулдар ж.б. жөнүндө расмий маалыматтар);
  • паспорт жана күбөлүктөр (паспорттук маалыматтар, даректик катталуу, табылгалар бюросу ж.б. жөнүндө маалым каттар);
  • жумуш, пенсия, салыктар (бюджетке төлөмдөр, пайда болгон карыздар боюнча маалыматтар, жумушсуз макамы ж.б. жөнүндө маалым каттар);
  • медицина жана камсыздандыруу  (ММК боюнча камсыздалгандык, ММК полистери боюнча карыздар, ММК полистерин алуу жана төлөө ж.б. жөнүндө маалымат);
  • кыймылсыз мүлк (кыймылсыз мүлккө болгон укук жөнүндө, мүлккө болгон укуктун тарыхы жөнүндө мамлекеттик реестрден көчүрмө, кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөлөрү ж.б.);
  • билим берүү (жогорку жана орто билим жөнүндө дипломдорду текшерүү);
  • үй-бүлө жана балдар (үй-бүлөлүк макам жөнүдө маалыматтар, асырап алуучу болуу укугуна маалым каттар, асырап алууга арыздар ж.б.).

Саналып өткөн документтердин каалаганы электрондук форматта саналуу секунддарда жана көпчүлүгү абсолюттуу акысыз берилет. Тандалган кызмат көрсөтүүнү активдештирүү үчүн шилтеме боюнча кирүү жана өз жекече идентификациялык номериӊизди (ИНН) киргизүү керек, ал эми акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн «Керемет Банктын» интернет-банкингин туташтыруу талап кылынат, ал төлөмдөрдү өз алдынча жасоого жардамдашат.

Эгерде сизде ушул долбоор же банктын башка кызмат көрсөтүүлөрү боюнча суроолор калса, «Керемет Банктын» иштөөчү байланыш-борборуна (0 312) 55 44 44 телефону боюнча кайрылыӊыз же call-center@keremetbank.kg кат жазыӊыз.

close