Жаңылыктар

Кантип үйдөн чыкпай туруп «Керемет Банктан» депозит ачууга жана пайыздардан акча табууга болот

29 теке 2020

«Керемет Банктын» жаӊы өнүмү кардарларга – физикалык жактарга – банкка барбастан, «онлайн» шарттамда депозиттерди ачууга мүмкүнчүлүк берет. Тариздөө жол-жобосу жетишерлик жөнөкөй жана интернет-банкингдеги башка операциялардан айырмаланбайт. Келечектеги аманатчынын банкта иштеп жаткан эсептешүү/карталык эсеби жана туташтырылган интернет-банкинги болуусу зарыл, ал эми бүткүл процесс бир нече мүнөттү гана камтыйт.

Депозитти аралыктан ачуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

  • «ИШ-АРАКЕТТЕР» бөлүмүнө кирүү жана «ДЕПОЗИТ АЧУУ» опциясын тандоо;
  • депозиттердин сунушталган сызыгынан керектүү депозитти тандоо: «Мөөнөттүү депозит», «Капиталдаштыруусу бар топтоочу» жана «Капиталдаштыруусу жок топтоочу»;
  • түшүүчү тизмеден сунушталган талааларды толтуруу: валютаны, пайыздык коюму менен мөөнөттү, чыгарып алуу эсебин (карталык же эсептешүү) жана депозиттин суммасын.
  • Банктык аманат келишиминин шарттарына өзүнүн макулдугун тастыктоо;
  • киргизилген маалыматтардын тууралыгын кайра текшерүү («МААЛЫМАТТАРДЫ ТЕКШЕРҮҮ»);
  • калыптын талаасына тутум тарабынан кардардын телефонуна жөнөтүлгөн бир жолку SMS-кодду киргизүү;
  • «ДЕПОЗИТ АЧУУ» баскычын активдештирүү, андан соӊ операция биротоло таризделе турган болот.

  ............................................................................................................................

Эгерде кардардын аманат ачууну каалоосу болсо, ал эми интернет-банкинги туташтырылбаган болсо, аны да аралыктан каттатууга болот. Шилтеме боюнча сайтка өтүү жана паспорттун маалыматтарын киргизүү, фотосүрөттү, СТЖН (ИНН), картанын номерин жана анын иштөө мөөнөтүн  бекитүү зарыл. Каттоону тастыктоого кардар көрсөткөн телефон номерине SMS-код келет, аны атайын калыпка киргизүү, андан ары – логин ойлоштуруу жана жеке кабинетке кирүү үчүн генерацияланган сыр сөз алуу зарыл. 

 ............................................................................................................................

Депозит онлайн дагы, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу толукталат. Эгерде эсептеги сумма жетишсиз болсо, төлөм терминалынын жардамы менен картага, ал эми андан – депозиттин эсебине чегерүү жасоого, же болбосо «Керемет Банктын» накталай акча кабыл алуу кызматы бар банкоматтары же касса аркылуу түздөн-түз депозитке акча каражаттарын салууга болот. Сиздин көӊүлүӊүздү пандемия мезгилинде банктык кызмат көрсөтүүлөрдү аралыктан алуу мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу колдонуу сунушталганына бурабыз, бул убакытты үнөмдөйт жана ашыкча байланыштардан коргойт.

«Керемет Банк» менен чогуу үйдөн чыкпай туруп, депозиттерди алыстан ачыӊыздар жана пайыздардан акча табыӊыздар! Эгерде сизде суроолор калган болсо, күнү-түнү иштөөчү байланыш-борборунун кеӊешчилери аларга 0312 55 44 44 же 0557 55 44 44 (WhatsApp) телефондору аркылуу, ошондой эле сайттагы кайтарым байланыш калыбы аркылуу жооп беришет.

close