Жаңылыктар

Бугун унаа салыгын толоонун акыркы куну, "Керемет Банктын" интернет-банкинги аркылуу аны бир нече мүнөттүн ичинде толоого болот

1 аяк оона 2020

Кыргызстандын жарандары салык милдеттенмелерин аткарышы үчүн бир нече күн калды. 1-сентябрга чейин ар бир жаран транспорттук салыкты, 2-сентябрга чейин  турак-жайларга, батирлерге жана турак жай, бакча участокторуна жер салыгын төлөшү керек.

«Керемет Банктын» чечими менен бардык региондордун тургундары кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө салыкты Интернет-банкингге туташкан компьютер же жүктөлгөн мобилдик тиркемеси бар смартфон аркылуу тез жана ыңгайлуу төлөй алышат.  

Интернет-банкингди ачып, «Салыктар жана айып пулдар» кыстырмасын тандап, талап кылынган реквизиттерди киргизиңиз:

  • транспорт салыгы үчүн - кыймылдуу мүлк катталган районду же шаарды, менчик ээсине таандык СТИНи, унаанын мамлекеттик номерин жана салыктын суммасын көрсөтүңүз;
  • турак-жай жана жер салыгы үчүн - кыймылсыз мүлк жайгашкан районду, шаарды же айылдык аймакты, менчик ээсине тиешелүү СТИНи жана салыктын суммасын (сумманы www.sti.gov.kg аттуу салык кызматынын сайты аркылуу эсептөөгө болот) көрсөтүңүз;

Интернет-банкинг тарабынан төлөмдү ырастаган квитанциясы чыгарылат. Квитанцияны сактап, ага суроо-талап болгондо көрсөтүү үчүн басып чыгаруу сунушталат. Төлөм комиссиясы болгону 10 сом.

Банк аркылуу салыктын башка категорияларын, ошондой эле коммуналдык кызматтардын, Интернет-провайдерлердин, уюлдук операторлордун жана башка жеткирүүчүлөрдүн кызматтары үчүн төлөм жүргүзүү ыңгайлуу жана бул көптөгөн позициялар үчүн акысыз.

Эгерде «Керемет Банктын» төлөм картасы болсо, анда анын карта ээси банкка барбастан эле интернет-банкингди өз алдынча кошо алат. 

Нак эмес формада төлөм убакытты үнөмдөп, социалдык байланыштарды минималдаштырса да, «Керемет Банк» онлайн форматтан тышкары бардык санитардык-гигиеналык сунуштарды сактоо менен банк кассалары, банкоматтар, төлөм терминалдары жана башка перифериялык түзмөктөр аркылуу салык төлөө мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калыңыз! «Керемет Банк» менен бирге убакытыңызды жана акчаңызды үнөмдөп, Google Play жана App Store аркылуу тиркеме орнотуңуз!

Салык төлөө ыкмалары жана башка банктык кызматтар жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн +996 (312) 55 44 44, +996 (557) 55 44 44 (W/A) номерлери боюнча «Керемет банктын» байланыш борборуна, call-center@keremetbank.kg электрондук дарегине же социалдык сеттерге кайрылсаңыз болот.


close