Жаңылыктар

«Керемет Банктын» интернет-банкингинин артыкчылыктары жана аны аралыктан кантип туташтыруу керек

28 теке 2020

«Керемет Банк» өзүнүн кардарларына  санариптик каржылык кызматтарга аралыктан жетүүнүн заманбап күнү-түнү иштөөчү ыгын – мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу – сунуштайт. Бул банктык тейлөөнүн ыңгайлуу жана талап кылынган тутуму, ал кардарга өзүнүн эсептерин жана акча агымдарын телефон же компьютер аркылуу өз алдынча башкарууга жол берет. Мисалы, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө, акча каражаттарын которуу, депозит ачуу, насыяны төлөп кутулуу же айып пул төлөө үчүн колдонуучуга банкка, төлөм терминалына же почтага баруу такыр милдеттүү эмес. «Керемет Банктын» онлайн-банкинги аркылуу каалаган жерден жана каалаган учурда 300гө чейин кызмат көрсөтүүлөргө, анан калса алардын чоң бөлүгүнө – АБСОЛЮТТУК ТҮРДӨ АКЫСЫЗ, көз ирмемде акы төлөөгө болот, бул ыңгайлуу гана болбостон, үнөмдүү дагы.

Эгерде сиздин карталык эсебиңиз бар, ал эми интернет-банкинг туташтырылбаган, бирок абдан керек болсо, аны аралыктан банкка баруусуз активдештирүүгө болот. Интернет-банкингди каттоону социалдык тармактарда аккаунтту стандарттуу каттоо менен салыштырууга болот – шилтеме боюнча сайтка өтүү, фотосүрөттү бекитүү, паспорттун маалыматтарын СТЖН (ИНН), картанын номерин жана анын иштөө мөөнөтүн киргизүү зарыл.

Каттоону тастыктоого кардардын эсебине байланган телефонго SMS-код келет, аны атайын калыпка киргизүү зарыл. Логин ойлоштуруу жана тутум генерациялаган сыр сөздү алуу калат. Интернет-банкингге ийгиликтүү кирүүдөн жана тейлөөнүн үч тилинин – кыргыз, орус же англис – бирин тандоодон кийин – дароо бардык жеткиликтүү банктык операцияларды жүргүзүүгө, ар кыл сервистерге акы төлөөгө, төлөмдөрдүн таржымалын жана эсептер боюнча калдыктарды 24/7 шарттамында текшерүүгө болот. Мобилдик банкинг үчүн «Керемет Банктын» тиркемесин телефонго жүктөө жана орнотуу талап кылынат.

Катталыңыз жана «Керемет Банктагы» алыстан банктык тейлөөнүн бардык артыкчылыктарына баа бериңиз!

Кошумча суроолор болгон учурда сизге күнү-түнү иштөөчү байланыш-борборунун адистери (0312) 55 44 44, WhatsApp – (0557) 55 44 44 телефону же сайттагы кайтарым байланыш калыбы аркылуу дайыма кеңеш беришет.

close