Жаңылыктар

«Керемет Банк» – заманбап санариптик банк, анын бир бөлүгү болуп калуу зарыл

18 бугу 2020

Төлөм карталары, накталай эмес төлөмдөр, банк кызмат көрсөтүүлөрүн мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу алыстан алуу кыргызстандыктардын күнүмдүк турмушуна улам активдүү кирүүдө. Бүгүн банктын кардарларына кандайдыр бир банктык операция жүргүзүү үчүн каржы мекемелеринин кеӊселерине келүү милдеттүү эмес – кардардын төлөм картасына жана эсептешүү эсебине байланган телефон же компьютер көптөгөн кызматтарды, болгондо да күнү-түнү шарттамында эӊ мыкты аткарышат.

Бүгүнкү күндө «Керемет Банктын» арсеналында өз кардарларын абсолюттуу коопсуз, ылдам жана ыӊгайлуу аралыктан тейлөө үчүн көптөгөн заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөр бар.

ТӨЛӨМ ТУТУМДАРЫ жана БАНКОМАТТЫК-ТЕРМИНАЛДЫК ТАРМАК

«Керемет Банк» активдүү иштеген төлөм тутумдарынын үй-бүлөсүндө, «Элкарт» улуттук, «Мир» жана «Золотая корона» россиялык жана – VISA, Union Pay Int эл аралык карталары бар. «Керемет Банктын» көп сандаган карта кармоочулары VISA контактсыз карталарынын артыкчылыктарын эбактан бери баалашат, алар убакытты маанилүү үнөмдөшөт – «Керемет Банктын» аркасы менен банкоматтан көз ирмемде товарга акы төлөөгө же каражаттарды накталай акчага айлантууга болот, бар болгону PIN-кодду киргизбестен окуучу түзүлүшкө тийип коюу жетиштүү. Айтмакчы, жакынкы мезгилде банк өз кардарларын төлөм карталарынын алардын каалоосу боюнча аткарылган жекече жасалгасы менен да кубандырат.

«Керемет Банктын» 172 төлөм терминалдарынан, 176 POS-терминалдардан жана 250дөн ашуун банкоматтардан турган банк жабдууларынын өнүккөн аймактык тармагы, республикада накталай эмес төлөмдөрдүн активдүү өнүгүүсүнө түрткү болот. Кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жетүү үчүн «Керемет Банк» тарабынан КРнын эӊ алыскы жана жетүү кыйын аймактарына 100 банкоматты жеткирүү, орнотуу жана тейлөө боюнча масштабдуу жана көптөгөн жергиликтүү каржылык-насыялык мекемелер үчүн көтөрө алгыс долбоор ишке ашырылган – бүгүн «Керемет Банктын» банктык жабдууларынын аркасында кыргызстандытар тапшыруучуларга 170төн ашуун, ал эми уюлдук жана интенет-банкинг аркылуу андан да көп – 300гө чейин кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөшөт.

МОБИЛДИК жана ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГ

Көптөгөн колдонуучулар үчүн кыргыз, орус жана англис тилдеринде берилген «Керемет Банктын» мобилдик жана интернет-банкинги, турмуштун ажырагыс бөлүгү болуп калды. «Керемет Банктын» кардарлары бир көз ирмемде үч жүзгө чейинки ар кыл кызмат көрсөтүүлөргө, анан калса алардын чоӊ жана эӊ талап кылынган бөлүгүнө – комиссиясыз акы төлөөгө көнүштү, бул ыӊгайлуу гана болбостон, пайдалуу дагы.

  • «Керемет Банктын» онлайн-банкингинин жардамы менен телефондун теӊдемин жана электрондук капчыкты толуктоого, өз алдынча акча которууга, коммуналдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө, уюлдук байланышка, телекөрсөтүүгө, интернетке акы төлөөгө, МАИнин жазапулдарын, салыктарды төлөөгө болот жана башка көптөгөн сервисттер бар. «Керемет Банктын» башка кардарына, 4 мүмкүн болгон реквизиттердин каалаганын колдонуп, жөнөтүүчүнүн байланыштары тизмесиндеги телефондун номерин жана QR-кодду кошо, акча каражаттарын которуу кызматы өзгөчө белгилүүлүктү жеӊип алды.

«Керемет Банктын» мурда колдо бар сервистер тизмесин татыктуу толуктаган кийинки онлайн-кызмат көрсөтүүлөрүнүн бири, бул муниципалдык коомдук унаада жүрүү үчүн «Тулпар» бирдиктүү унаа карталарынын теӊдемин телефон же компьютер аркылуу комиссиясыз толуктоо.

Өзгөчө абал мезгилинде банк Marketplace-платформаны – өз сегментиндеги инновациялык иштелмени ишке киргизе алды, анын аркасы менен кыргызстандыктарга реалдуу убакыт шарттамында ар кыл багыттар: унаа жана айдоо; паспорт жана күбөлүктөр; жумуш, пенсия, салыктар; медицина жана камсыздандыруу; кыймылсыз мүлк; билим берүү; үй-бүлө жана балдар, боюнча 30га чейин расмий мамлекеттик маалымкаттар берилет. 


«КЕРЕМЕТ БАНКТЫН» МОБИЛДИК жана ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГИН КОШУМЧА ЫҢГАЙЛУУЛУКТАРЫ:

  • Жаӊылыктардын бири – бул QR-коддун (эки өлчөмдүү штрих-коддун) жардамы менен төлөө мүмкүнчүлүгү, ал телефондо көз ирмемде окулат жана текстти кол менен терүүсүз коддолгон төлөм жасалат, мында убакыт үнөмдөлөт жана ката кетүү мүмкүндүгү жокко чыгат. Айтмакчы, бул технологиянын аркасында чукулда «Керемет Банктын» банкоматтарынан накталай акчаларды картасыз, уюлдук тиркемени гана колдонуп алууга болот.
  • VISA карталарын интернет-төлөмдөргө туташтыруу жана ажыратуу VISA карталарынын ээлерине бул кызмат көрсөтүүнү өз алдынча башкарууга жол берет. Эгерде мурда интернет-төлөмдөр жазуу жүзүндөгү арыз боюнча активдештирилсе жана деактивдештирилсе, анда азыр – каалаган керек учурда дүйнөнүн каалаган бурчунан алыстан шарттамда жасалат.
  • VISA эл аралык жана «Элкарт» улуттук төлөм карталары үчүн акча каражаттарынын кыймылын көзөмөлдөө үчүн алмаштыргыс «SMS-билдирүүлөрдү» кардарлардын банкка келүүсүз өз алдынча туташтыруусу.
  • Автотөлөм жөндөгүчү, анын аркасы менен кардардын эсебинен операционисттердин катышуусу жок автоматтык түрдө кардар тарабынан аныкталган бирдей суммалар тандалган сервистерге жана дайындалган мөөнөттөрдө чыгарылат, бул мөөнөтүн өткөрүүнү же кызмат көрсөтүүнү өчүрүүнү жокко чыгарат.
  • Төлөмдөрдүн шаблондорун топтоштуруу кызматы мурда киргизилген бардык реквизиттерди сактайт жана ар бир кийинки төлөм талааларды кайталап толтуруусуз бир басуу менен жүргүзүлөт.
  • Кардардын карта-эсептери менен жасалган бардык операцияларды онлайн-көчүрмөлөрдү түзүү аркылуу документтик тастыктоо. Бүгүнкү күндө бул кызмат көрсөтүү КРда саналуу банктарда гана көрсөтүлөт.
  • Картаны кулптоо аны жоготкон учурда картаны банкка кайрылуусуз кулптоого жол берет, бул кошумча коопсуздукту жана ыӊгайлуулукту камсыздайт.

Жакынкы мезгилде «Керемет Банктын» мобилдик жана интернет-банкингинде колдонуучулар тарабынан талап кылынган дагы бир канча аралыктан кызмат көрсөтүүлөр пайда болот. Кардарлар өздөрүнө онлайн-банкингди өз алдынча туташтыра, алыстан депозиттерди ача, «Золотая корона» акча которуулар тутуму боюнча каражаттарды жөнөтө, ал эми «Контакт» тутуму боюнча ала да алышат.

Ошентип, эгерде сизге тейлөөнүн коопсуздугу, комфорту, ылдамдыгы, ыӊгайлуулугу жана сапаты маанилүү болсо, «Керемет Банк» - бул заманбап санариптик банк, анын бир бөлугү болуу өтө зарыл. Эгерде суроолор калса, банктын күнү-түнү иштөөчү байланыш-борборуна (0312) 55 44 44 телефону, WhatsApp аркылуу – (0557) 55 44 44 телефону же  сайтындагы кайтарым байланыш калыбы аркылуу кайрылыӊыз.

close