Жаңылыктар

«Керемет Банктын» мобилдик банкинги аркылуу, минималдуу комиссиялар менен Кыргызстандын банктарына акчаңызды которуңуз

7 аяк оона 2020

Көптөгөн өтүнүчтөр боюнча, «Керемет Банк» учур талабына жооп берген кызмат – башка банктардын кардарларына «КЛИРИНГ» тутуму боюнча акча которууларды мобилдик банкинг аркылуу аткарууга боло турган банктык кызматты ишке киргизүүдө.

  • Эми, өлкөнүн кайсыл болбосун банкына акча которуу үчүн банктын бөлүмүнө келүүнүн же болбосо копьютерде интернет банкингдин болуусунун кажети жок – «Керемет Банктын» чечиминен улам, кардарлар аны смартфону аркылуу өз алдынча эле аткара алышат!

 «Керемет Банктын» мобилдик тиркемесинин «Которуулар» кошумча баракчасында «Башка банкка которуулар» кызматын жана баштапкы-эсепти (эгерде алар бир нече болсо) тандайбыз, ачылган тизменин ичинен алуучу банкты белгилеп, алуучунун маалыматтарын (аты-жөнүн, документинин номерин, ИНН, алуучунун эсебин), ошондой эле, төлөм багыты менен суммасын киргизебиз. Бардык тилкелери толтурулгандан кийин, акча каражаттары жөнөтүүчүнүн банкынан, алуучунун банкына которулат, мында комиссиясы дагы эң эле минималдуу – 10 сомдон тартып.

Саат 11.30га чейин жөнөтүлгөн банктар аралык которуулар ошол эле күнү, саат 15.00дөн кийин келип түшөт, ал эми андан кеч которулгандары – кийинки жумуш күнү чегерилет. Аталган чечим ыңгайлуу жана коопсуз, сапаттын эл аралык стандарттарына шайкеш келет, ишенимдүүлүк менен коопсуздуктун жогорку баскычында турат. Анан дагы, кардарлардын банктык мекемелер менен катнашын минимумга түшүрүп, убактыңызды кыйла үнөмдөйт!

  • «Ата-мекендин онлайн-кызмат көрсөтүүлөрүнүн флагмандарынын бири катары, «Керемет Банк» көптөгөн жылдар аралыгындагы өз ишинде, салттуу банктык кызмат көрсөтүүлөр сыяктуу эле, аралыктан туруп которуу сервистерин колдонуп келет, - дейт Банк Башкармалыгынын төрагасынын орун басары НАРЫНБЕК АЛЫБАЕВ. –  Биз колдонуп келе жаткан технологиялар, акыркы заманбап трендерге шайкеш келет, ошондуктан биз, рынокко эң сапаттуу баскычтагы “башка банктардын кардарларына мобилдик банкинг аркылуу өз алдынча акча которуулар” кызматын сунуштап жатабыз. Ал эми Интернеттин жана мобилдик байланыштын Кыргызстанга кыйла сүңгүп киргендиги, республикабыздын ар бир бурчунда сервистин жеткиликтүү болуусуна өбөлгө түзөп турат».

Эгерде сизге “клиринг” тутуму боюнча накталай эмес которуу кызматы зарыл болуп, ал интернет-банкинг активдешпеген болсо, сиз аны аралыктан кошуп алсаңыз болот.

Кыйла кеңири маалымат алуу үчүн “Керемет Банк” ААКсынын +996 (312) 55 44 44, +996 (557) 55 44 44 (W/A) телефондору боюнча күнү-түн иштеген контакт-борборуна, сайт же call-center@keremetbank.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыздар болот.

close