Жаңылыктар

Кардарлар жана карыз алуучулар үчүн маанилүү маалымат

6 тогуздун айы 2020

Урматтуу кардарлар!

Акыркы күндөрү Кыргыз Республикасында орун алып жактан абалга байланыштуу,

  • 2020-жылдан 6 жана 7-октябрь күндөрүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкөнүнү бардык финансы мекемелеринде жумуш эмес күн катары жарыялаган.

Ушуга байланыштуу 2020-жылдын 6 жана 7-октябрларында:

  • Кыргыз Республикасынын бардык банктары жана сактык кассалары иш алып барышпайт;
  • Төлөм операциялары (клиринг, гросс, SWIFT, электрондук капчыктарды толуктоо) убактылуу токтотулган;
  • Банкоматтар иш алып барууда, бирок инкассациялоо (толуктоо) коопсуздук максаттарынан улам, убактылуу ишке ашырылбайт;
  • Банктык сервистер жеткиликтүү эмес, төлөм терминалдары аркылуу гана коммуналдык төлөмдөрдү, интернет жана мобилдик банкингди аткарууга болот.

Тутумдун иш алып баруусунун токтотулушуна байланыштуу, насыя боюнча төлөө күнү аталган күндөргө туш келип калган карыз алуучулар, төлөмдү эч кандай туум жана айыптык санцияларсыз келерки банк күнү аткара алышат.

Сиздерди түшүнүү менен кабыл алат деген тилектебиз. “Керемет Банкта” тейленүү менен байланыштуу болгон кыйла толук маалыматты, (0312) 55 44 44 телефону боюнча күнү-түнү иштөөчү контакт-борбордон, (0557) 55 44 44 телефонундагы WhatsApp аркылуу жана банктын расмий сайтынан ала аласыздар.


close