Жаңылыктар

«Керемет Банкта» SWIFT тутуму боюнча эл аралык банктар арлык төлөмдөр жандандырылды

13 тогуздун айы 2020

2020-жылдын 13-октябрынан тартып коммерциялык банктарда SWIFT тутуму боюнча трансчектеш операцияларга жөнгө салуучу тарабынан мурда киргизилген чектөөлөр алынып салынды.

Ошентип, "Керемет Банк" бардык кириш төлөмдөрдү кабыл алууну жүзөгө ашырууда, бирок өлкөдө орун алып турган абалдан улам жана киргизилген өзгөчө кырдаал абалынын талаптарын сактоо максаттарында Кыргыз Республикасынын сыртына чыгыш төлөмдөр боюнча айрым чектөөлөр сакталып турууда, алар тууралуу кененирээк маалыматты (0312) 55 44 44 телефонуна чалуу менен «Керемет Банк» ААКсынын күнү-түнү иштеген контакт-борборунан же (0557) 55 44 44 номериндеги воцаппка жазып, ошондой эле сайттан ала аласыздар.

Мында, банктын филиалдары, ишкерлер менен катардагы жарандардын негизги банктык кызматтарга болгон бардык муктаждыктарын канаттандыруу менен кадимки ыргакта иш алып барууда. Адистер тарабынан банкоматтардын, төлөм жана POS-терминалдардын үзгүлтүксүз иш алып баруусу колдоого алынып, бардык онлайн-кызмат көрсөтүүлөр иштеп турганын белгилеп кеткибиз келет.


close