Жаңылыктар

Ойнойлубу? «Керемет Банк» “АКЧА, АМАНАТТАР ЖАНА БАНК ТУУРАЛУУ” онлайн-викторинасына катышууга чакырат.

27 тогуздун айы 2020

Көңүл буруңуздар «Керемет Банк» ААКсы “АКЧА, АМАНАТТАР ЖАНА БАНКТАР ТУУРАЛУУ” онлайн-викторинадагы интеллектуалдар таймашына катышуу үчүн эрудиттерди издөөдө. Иш чара, “Аманаттоо дүйнөлүк күнү – 2020” саамалыгана арналган эл аралык билим берүү кыймылынын алкагында Кыргыз Республикасы Улуттук банкынын колдоосу алдында  өткөрүлүп жатат.

Баарынан тез туура жооптордун олуттуу санын беришкен катышуучулар “Керемет Банктан” татыктуу белектерин алышат.

“АКЧА, АМАНАТ ЖАНА БАНКТАР ТУУРАЛУУ” онлайн-викторинанын башат алуу күнү менен убактысы

  • 2020-жылдын 29-октябры, саат 17:00. 

Катышуу үчүн Telegram-каналдагы https://t.me/KeremetBankViktorina шилтемеден алын-ала өтүп, "Керемет Банк" ААКсынан викторина” тайпасына кошулуу абзел

"Керемет Банк" ААКсынын онлайн-викторинасынын эрежелери:

  • Викторина 2020-жылдын 29-октябрында баардык катталган катышуучулар үчүн бир маалда башат алат, туура 17:00дө.
  • Саат 17:00дө баардык катышуучуларга жөнөтүлгөн “ТЕСТТЕН ӨТҮҮ” деген баскычты басуу менен белгиленген учурда кирип өзүнүн катышуучу экендигин тастыктоо абзел.
  • Викторина башат алгандан кийин жаңы катышуучуларды кошуу мүмкүн эмес.
  • Суроолорду алмаштыруу ар бир 30 секундда автоматтык түрдө алмашып турат.
  • Викторинанын жалпы узактуулугу – 10 мүнөт.
  • Катышуучуларда оюнду токтотуу же жоопту алмаштыруу деген функционалы жок.  
  • Катышуучулардын жаш курагына чек жок. Жеңүүчүнүн рейтинги автоматтык түрдө аныкталат: туура жана эң тез жооп берүү саны менен.

Онлайн-викторинанын эң ыкчам жана эрудит болгон үч катышуучусу “Керемет Банктан” тиешелүү белектерин алышат.

Баркдык катышуусу-эрудиттерге ийгилик жана жеңиш каалайбыз!

Өткөрүлүп жаткан интерактив тууралуу толук маалыматты “Керемет Банктын” (0312) 55 44 44 телефону аркылуу күнү-түнү иштеген контакт-борборунан же (0557) 55 44 44 номериндегв вотсаппка жазуу менен ала аласыздар.

Маалымат үчүн:

«Аманаттоо дүйнөлүк күнү»  дүйнө жүзү боюнча 1924-жылдан тартып белгиленип келет, андан берки тарыхы 95 жылдан ашкан, олуттуу географияга менен популярдуулукка ээ. Иш-чаранын глобалдык максаты – бул, калктын, оболу жаштардын каржы сабаттуулугун жогорулатуу, аларга аманттоо маданиятын, каржы келечеги тууралуу ойлонууну жана туура инвестициялоону көндүм кылуу


close