Жаңылыктар

Өзүңө өзүң банкир! «Керемет Банктын» кардары болуу жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү үйдөн чыкпастан алууга болоорун билчү белеңиз?

3 бештин айы 2020

Бүгүнкү күнү, «Керемет Банктын» кардары болуу үчүн банктын филиалдарына келүү милдеттүү эмес. «Керемет Банкта» ишке киргизилген «аралыктан туруп идентификация өтүү» деген заманбап технология, потенциалдуу кардардын ким экендигин кеңсесе келтирбестен туруп баштапкы баскычында эле аныктай алат.

Аралыктан туруп идентификация өтүү учурунда эсептешүү же карт эсебин ачуу менен кардар, ачылган банктын эсеп реквизиттери камтылган тастыктооочу SMS-билдирмени алат – ал эсепти контрагенттер менен эсептешүү, ошондой эле терминалдар, банкоматтар жа башка жеткиликтүү жол менен толуктоо үчүн дароо колдоно баштаса болот.

Эпидемиологиялык абалдын шарттарында, «аралыктан туруп идентификация өтүү» технологиясы катышты минимумга жеткирип, кардардын убактысын үнөмдөгөнү жана калктын салтуу банктык кызмат көрсөтүүлөргө гана эмес, мамлекеттик кызматтарды алууга дагы жеткиликтүүлүгүн жогорулаткандыгы менен маанилүү.

 «Керемет Банк» кардарлардын каржы кызматтарына тез жана ыңгайлуу жеткиликтүүлүгү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоо аркылуу заманбап сервистер тизмесин кеңейтүү тармагында туруктуу иш алып барып келет.

“Керемет Банкта” тейленүү тууралуу толук маалыматты тейлөө кеңселеринен же болбосо (0312) 55 44 44 телефону аркылуу контакт-борборго чалып, (0557) 55 44 44 (W/A) номерине жазуу аркылуу тактап алууга болот.

close