Жаңылыктар

КОНТАКТ бар! «Керемет Банктын» онлайн-банкинги аркылуу CONTACT тутуму боюнча акчалай которууларын ыңгайлуу жөнөтүүгө баа берсеңиз болот

7 бештин айы 2020

 «Керемет Банк» жана CONTACT төлөм тутуму кардарларга ыңгайлуу болгон санарип сервисти – мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу тутумдун тарифтеринин минималдуу комиссиялары менен Кыргызстандан жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө акча каражаттарын жөнөтүүнү сунушташат. Каражаттарды эсептен алып салуу жана чегерүү которуу аткарылган күнгө карата тутумдун курсу боюнча валютага автоматтык түрдө конвертациялоо менен онлайн-ыргагында жүзөгө ашырылат. Ошондой эле кардарлар которуунун жүрүшүндө кызмат көрсөтүү үчүн алынып жаткан комиссияны көрө алышат, ал дагы бардык банктык операциялардын толук ачык-айкындуулугун көрсөтүп турат.

Которууну жүзөгө ашыруу түшүнүктүү нукта жана сунуш кылынган тилкелерди толтурууга келип токтолгон. «Керемет Банктын» кардарлары төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:

  • Интернет-банкингдеги «Аракеттер» тилкесинде «CONTACT тутуму боюнча которуу» тилкесин, мобилдик тиркемеде «Которуулар» тилкесинен - «CONTACT тутуму боюнча которуу» тилкесин тандоо зарыл;
  • акча которуу мерчемделип жаткан булак-эсепти аныктоо;
  • которуучу өлкө менен өлкөнү белгилөө;
  • алуучунун аты-жөнүн жана телефон номерин толтуруу;
  • валютаны тандоо жана которуу суммасын белгилөө.

Киргизилген маалыматтар текшерилгенден жана төлөмдү смс-код менен тастыктоодон кийин автоматтык түрдө которуунун бөтөнчө коду калыптанат, ал жөнөтүүчүнүн төлөмдөр деталында сакталууда турат. Ал номерди алуучуга билдирүү зарыл, ал дагы белгиленген телефон номерге анын атына которуу  келгендиги боюнча тутум тарабынан билдирме алат. Ким экендигин тастыктаган күбөлүктү жана которуу номерин берүүдөн кийин алуучу которулган акча каражатын CONTACT тутумунун кайсыл болбосун өнөктөш-банкынан ала алат.

Аталган кызмат көрсөтүү, интернет-банкингдин жана башка банктык сервистер мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кененирээк маалыматты "Керемет Банк" ААКсынын (0312) 55 44 44 телефонундагы контакт-борборуна чалып, (0557) 55 44 44 (W/A) номерине жазуу аркылуу алууга болот.

"Керемет Банктын" мобилдик жана интернет-банкингинин жардамы менен жөнөтүлгөн CONTACT төлөм тутумунун ыкчам акча которууларынын ыңгайлуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө баа бериңиздер!

close