Жаңылыктар

«Керемет Банктын» кызмат көрсөтүүлөрү эми MegaPay мобилдик капчыгында, комиссия алуусуз!

29 бештин айы 2020

 «Керемет Банк» менен каржы операцияларын жүзөгө ашыруу ыңгайлуу боло баштады – MegaCom компаниясы менен биргелешкен доолбоордон улам, банктын кардарлары гана эмес, MegaPay мобилдик капчыгынын баардык пайдалануучулары кыска убакыт аралыгында аманаттары менен эсептерин толуктап, карыздарын төлөөнү ишке ашыра алышат.

Долбоордун ишке киришинин урматына алгачкы 3 АЙ ичинде, 2021-жылдын 31-мартына чейинки мезгил аралыгында АКЦИЯ иштеп турмакчы - «Керемет Банктын» кызматтары MegaPay капчыгынын баардык пайдалануучулары үчүн КОМИССИЯСЫЗ жеткиликтүү болот.

"Керемет Банктын" кардарлары үчүн жеткиликтүү болгон MegaPay кызмат көрсөтүүлөрү:

  • Эсептешүү эсебинин же төлөм кодунун номери боюнча насыяларды жабуу;
  • Эсептешүү эсебинин же төлөм кодунун номери боюнча аманатты толуктоо;
  • Эсептешүү эсебинин же төлөм кодунун номери боюнча картты толуктоо;
  • Эсептешүү эсебинин же төлөм кодунун номери боюнча эсептешүү эсептерин толуктоо.

 «Керемет Банктын» кардарларынын арсеналында интернет банкинг жана мобилдүү тиркемелер бар, бирок, заманбап өнөктөштүк digital-чечимдер аркылуу банктык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу каналдарынын санын арттыруу банктын стратегиялык милдеттеринин бири болуп саналат – анткени алар ар бир кыргызстандыкка банктык жана башка таламдуу кызматтарды өлкөнүн кайсыл болбосун жеринде туруп күнү-түнү ыргагында алууга көмөк көрсөтөт.

 «Керемет Банктын» кардарлары бүгүнкү күнү эле интернет-банкингди өз алдынча кошуп, аралыктын туруп карттарды жана эсептешүү эсептерин ачууну, которууларды аткарууну, аманаттарды аралыктан туруп тариздөө жана толуктоо, насыяларды төлөө, 200дөн ашык ар кыл сервистерди төлөө, ошондой эле 30дан ашык мамлекеттик кызматтардан онлайн пайдаланууну жүзөгө ашыра алышат.

MegaCom компаниясынан MegaPay мобилдүү капчыгы боюнча биргелешкен долбоор жана "Керемет Банктын" кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу кыйла кененирээк маалыматты сайттагы чатты пайдаланып же болбосо (0312) 55 44 44 телефонундагы күнү-түнү иштеген контакт борборунан,  ошондой эле (0557) 55 44 44 номериндеги WhatsApp аркылуу тактап алууга болот.


close