Жаңылыктар

Онлайн технологиялардын арты менен «Керемет Банктын» кардары болууну жана банктык операцияларды аралыктан туруп аткарууну 24/7 ыргагында ишке ашырууга болот

14 бештин айы 2020

Эгерде сизде тез арада кандайдыр бир кызматты төлөө зарылчылыгы келип чыкса, же болбосо тескерисинче, которуу жолу менен акча каражатын алууга туура келип калса, бирок сизде эсептешүү эсебиңиз, же жакын жерде банкттык  мекеме дагы жок болсо, анда ал көйгөй деле  эмес! «Керемет Банк»  аркылуу баарын чечип алууга болот – банктын кардары болууну, эсеп ачууну, интернет-банкингди кошууну жана баардык зарыл болгон операцияларды  ишке ашырууну үйдөн чыкпастан туруп аткарууга мүмкүн.

 

Банкта мурда ишке киргизилген «АРАЛЫКТАН ТУРУП ИДЕНТИФИКАЦИЯЛОО» деген заманбап технология жаңы кардарды дагы аралыктан туруп аныктоого мүмкүндүк берет.

 
Аралыктын туруп идентификация өтүү жүрүмү аяктагандан кийин кардар аралыктан туруп өзүнө интернет-банкингди кошо алат: ОНЛАЙН-КАТТОО аркылуу, сайттагы жөнөкөй нускоону кармануу менен кардар өзүнүн жеке маалыматтарын тастыктап, поролу менен логинди жана жашаган аймагында «Керемет Банктын» филиалынан бар же жогуна карабастын, күнү-түнү ыргагында каржы кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү ала алат.

 

Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү аралыктын туруп алуу мүмкүнчүлүктөрү чексиз: алар пайдалануучуларга картты жана эсептешүү эсептерин өз алдынча ачууга, карттарга буюртма берүүгө, ички жана эл аралык которууларды жүзөгө ашырууга, депозиттерди аралыктан туруп тариздөөгө жана аларды толуктоого, насыяларды төлөөгө, 200гө чукул ар кыл сервистерге төлөөгө, ошондой эле дагы көптөгөн таламдуу операцияларды жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет. Ушундан улам «Керемет Банк», кардарлардын каржы кызматтарына тез жана ыңгайлуу жеткиликтүүлүгү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоо аркылуу заманбап сервистер тизмесин кеңейтүү тармагында туруктуу иш алып барып келет.

 

Эпидемиологиялык абалдын шарттарында, аралыктан туруп тейлөөгө алуу катышты минимумга жеткирип, кардардын убактысын үнөмдөп, калктын банктык кызмат көрсөтүүлөргө гана эмес, мамлекеттик кызматтарды  алууга дагы жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

 

“Керемет Банкта” тейленүү тууралуу толук маалыматты тейлөө кеңселеринен же болбосо (0312) 55 44 44 телефону аркылуу контакт-борборго чалып, (0557) 55 44 44 (W/A) номерине жазуу аркылуу тактап алууга болот.

close