Жаңылыктар

Үйүңүздөн чыкпастан туруп Кыргызстан боюнча акча каражатын ыкчам кантип жөнөтүүгө болот? «Керемет Банк» аркылуу!

3 бирдин айы 2021

Сиз «Керемет Банктын» кардарысыз, сизге Кыргызстанда жашаган туугандарыңызга, жакындарыңыздарга жана досторуңузга тез арада акча каражатын жөнөтүүгө туура келүүдөбү? «Керемет Банк» кыйла ыңгайлуу жана жөнөкөй чечимди сунуштайт – минималдуу комиссия менен мобилдик же интернет-банкинг аркылуу кайсыл болбосун областка «Шумкар» тутуму менен ыкчам которуулар.

Кантип аткарууга болот?

  • «Керемет Банк» интернет банкингин телефонго кошуңуз – мобилдүү тиркеме.
  • ”Акча которуулар тутуму”, андан соң - «Шумкар» тутуму боюнча которуу” шартбелгисине кириңиз.
  • ”Алуучунун аты-жөнү” жана “Которуу суммасы” тилкелерин толтуруңуз.
  • “Жөнөтүү” баскычын басыңыз.

 «Шумкар» ыкчам акча которуу тутумунун артыкчылыктары абдан көп:

  • жогорку ылдамдык – алуучу тарапка которуу 2-3 мүнөт аралыгында жетет;
  • үнөмдүү тарифтер – сом түрүндөгү суммадан 0,1% (минималдуу акы 50 сом);
  • которуунун суммасы – күнүнө 70 000 сом;
  • жөнөкөйлүк – которууну алуучу «Керемет Банктын» кайсыл болбосун тейлөө жайына паспорту  жана которуу номери менен келүүсү жетиштүү;
  • тейлөөгө алуу камтуусунун кенендиги – «Керемет Банктын» филиалдары жана сактык кассалары өлкөнүн ар бир областында орун алган.

Эгерде сиз банктын кардары болбосоңуз, ал эми акча каражатын ылдам жөнөтүү туура келип жатса, Банктын кеңсесине келбестен, интернет-банкингди орнотуп жана кааласаңыз мобилдүү тиркемени жайгаштыруу менен аралыктан туруп «Керемет Банктын» кардары боло аласыз. Анткени, «Керемет Банк»  менен баардыгы мүмкүн болот!

«Шумкар» которуулары тууралуу кенен маалыматты "Керемет Банктын" (0312) 55 44 44 номери боюнча күнү-түнү иштеген контакт-борборунан, (0 557) 55 44 44 номериндеги WhatsApp, же болбосо сайттагы кайтарым байланыш аркылуу кайрылсаңыздар болот.

 

close