Жаңылыктар

Банкирлердин футзал боюнча Жалал-Абад шаарында өткөн лигасы: «Керемет Банкка» күйөрманбыз!

16 бирдин айы 2021

Январь айынын орто жеринде башат алган, Жалал-Абад шаарында финансы-кредиттик мекемелер ортосунда уюштурулган футзал боюнча Банкирлер Лигасында "Керемет Банк" ААКсы ишенимдүү лидерлиги менен даңазаланды. Биздин команда алты оюнду өткөрүп, анын ичинен беш ирет жеңишке жетише алды. Бүгүнкү күнгө карата, турнирдик таблицада катышып жаткан 14 команданын ичинен Керемет командасы ишенимдүү нукта экинчи орунду ээлеп келет.

Өтүп жаткан аптада “Бай Түшүм” банкынын командасы менен кезектешүү беттешүү өтмөкчү. Баардык күйөрмандарды 2021-жыллдын 19-февралында, саат 20:00дө, Жалал-Абад шаарындагы “Газпром”  Дене-тарбия комплексинде өтүүчү, күчтүү аталган эки команданын көрүнүктүү оюнуна чакырмакчыбыз. "Керемет Банк" ААКсы үчүн көзүбүз жанып, ар жакта жана ар дайым: жумушта, жашоодо, үйүбүздө, спортзалда күйөрмандык кылып, колдоп келебиз!

close