Жаңылыктар

«Керемет Банк» «Социалдык ипотека» жеңилдик берилген насыя программасын жандандырат

15 жалган куран 2021

«Керемет Банк» ААКсы 2021-жылга карата “Социалдык ипотека” программасы боюнча турак жай насыялоосун жандандырат. Акыркы эки жыл аралыгында “Социалдык ипотека” өлкөдөгү бюджеттик кызматкерлердин арасында орун алган укмуштуу, маанилүү жана таламдуу банктык өндүрүмдөрдүн бирине айланган.

“Социалдык ипотека” программасы ишке киргизилгенден тартып өлкөдө жашаган 1200 үй бүлөө жеке турак жайлуу болгон, ал максатка жалпысынан 1,7 млрд. сомдон  ашык сумма сарапталган.

“Социалдык ипотека” боюнча жеңилдик берилген пайыздык чен, алгачкы салым суммасына жараша, сом менен жылдык 8,5 пайыздан тартып 10,5 пайызга чейинкини түзөт. Билим берүү, медицина, социалдык, спорт жана маданият, ошондой эле күч ведомстволору жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, салык, бажы кызматтарынын,  башка багыттагы бюджеттик мекемелердин өкүлдөрүнө 15 жылга чейинки мезгил аралыгына берилет.

Насыя алууга билдирмени "Керемет Банк" ААКсынын кайсыл болбосун филиалы кайрылуу менен калтыруу болот.

Бюджеттик тармактар үчүн каралган “Социалдык ипотеканын” шарттары жана тартиптери тууралуу толук маалыматты "Керемет Банктын" жер-жерлердеги кеңселеринен банктын жумушчуларынан же болбосо (0312) 55 44 44 телефонуна чалып, (0557) 55 44 44 номериндеги WhatsApp тармагына жазуу менен күнү-түнү иштеген контакт борбору, же болбосо банктын сайты аркылуу ала –аласыздар.

“Керемет Банк” менен биргеликте өз турак жайыңызды сатып алыңыз!

close