Жаңылыктар

«Керемет Банкта» АКЦИЯ: Бизнести насыялоо боюнча пайыздык чендерди төмөндөтөбүз!

29 чын куран 2021

Ата-мекен ишкерлерин колдоого алуу боюнча тандалып алынган стратегиябызды кармануу менен «Керемет Банк» насыялоо боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү боюнча акцияны жарыялайт. “Ишкердик өсүш” Бизнес-насыясы кыйла төмөндөтүлгөн чендер менен иш алып бара баштады! 

Орто жана чакан бизнести каржылоонун кыйла ийкемдүү шарттары, билдирмелерди кароого алуунун эң кыска мөөнөттөрү жана насыяны мөөнөтүнөн мурда төлөп берүү мүмкүнчүлүгү күтүп жатат. Ошол эле учурда, насыя боюнча адистер, бизнестин жекече муктаждыктарын эсепке алуу жана келип чыккан суроолорду ыкчам чечүү менен ар дайым өз кардарларына жардамга келишет.

Акциянын шарттары:

  • “Ишкер өсүш” насыясы боюнча пайыздык чендер – сем менен 16% тартып;
  • Насыялоо суммасы -  200 000 сомдон 35 млн. сомго чейин;
  • Насыянын мөөнөтү – 5 жылга чейин.

Банкта тейленүүгө алынуунун ыңгайлуулуктарынын бири, насыя боюнча ай сайын төлөп берүү үчүн ишкердин банкка келүүсүнүн деле кажети жоктугунда камтылган: каражаттарды cash-in  функциясы менен накталай түрүндө төлөм терминалдары жана банкоматтар аркылуу чегерүүгө болот, ошондой эле мобилдик жана интернет банкингдин жардамы менен банкоматтык тармак аркылуу накталай эмес формада ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү дагы бар.

Сунуш 2021-жылдын 30-июлуна чейин аракетте болот. "Керемет Банктан" пайдалуу пайыздык чендерден пайдаланып калуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз !

Өткөрүлүп жаткан акциянын алкагында насыялоону ачууну "Керемет Банк" ААКнын баардык филиалдарында жүзөгө ашырууга болот, ал эми кененирээк маалыматты сайттан, социалдык тармактардан таба аласыз, ошондой эле Банктын күнү-түнү иштеген контакт-борборуна +996 312 55 44 44 телефону же (0 557) 55 44 44 – WhatsApp аркылуу кайрылуу менен да алуу жолу каралган

close