Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы акча которуудагы алдамчылыктын жаңы учурлары туурасында эскертет: биргелешкен долбоорлорду инвестициялоо шылтоосу менен Кыргыз Республикасындагы компанияларды алдап жатышат.

3 бугу 2021

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын билдирүүсү боюнча акыркы учурларда Кыргызстандын экономикасына инвестиция жумшоо шылтоосу менен башка өлкөлөрдөгү алдамчылар биздин ишкерлерди алдап кеткен учурлар байма-бай кездешүүдө. 

Схема төмөнкүдөй иштейт:

1.«Инвестор» Кыргызстандагы өнөктөш менен байланышат жана биргелешкен долбоорго каражат салуу сунушун айтат жана мындай сунуш адатта миллион же миллиард доллар же евро түрүндө бериле турган болот.

2. Кыргыз тараптагы өнөктөшкө акча каражаттарынын чыны менен эле  которулгандыгын ырастоочу документтердин көчүрмөсү келет.

3. Ошентип, адам банкка келет да, акча которулгандыгы тууралуу документти көрсөтөт, бирок акча ала албайт. Мындай шартта банк ал адамга эч кандай жардам бере албайт, себеби бирөө гана: Эч ким акча которгон эмес.

4. Жергиликтүү бизнеске каражат инвестициялоо боюнча өз ара сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өзүн «инвестор» катары көрсөтүп жаткан адам милдеттүү шарт катары жергиликтүү өнөктөшкө SWIFT системасынан башка системаны (например, TELEX, RTGS) пайдалануу зарылчылыгы жөнүндө билдирет же SWIFT gpi (SWIFT Global Payments Innovation) кошумча кызматынын милдеттүү түрдө болуусун же Alliance Lite2 аркылуу SWIFTке кошулууну, же каражаттарды которуу үчүн IBAN өңдүү кошумча реквизиттердин болуусун талап кылат.

Алдамчылар акча которууда кыйынчылыктар болуп жаткандыгын же жөнөтүүдө кыйынчылыктар орун алып, акча түшпөй жаткандыгын айтуулары ыктымал.

5. Долбоорду жүзөгө ашырууга кызыктар бизнесменге Кыргыз Республикасындагы банктык системанын татаалдыгы тууралуу айтышып, каражаттарды алуу үчүн бир нерсе кылуу керектигин айтышат.

Жалган инвесторлор эмнени сунушташат?

Инвестициялык каражаттарды алуунун ордуна компания же бизнесмен өз каражаттарынан ажырап калуулары ыктымал. Которулган акчанын эмне болгондугун банк иликтеп чыккыча күтүп отура бербей долбоорду баштай берүү үчүн аларга акча  каражаттарынын бир бөлүгүн Кыргызстанга жөнөтүүнү сунуш кылышат.

Каражаттарды ийгиликтүү которуу үчүн кошумча документтерди тариздөө керектигин жана бул үчүн анчалык чоң эмес өлчөмдөгү сумманы, башкача айтканда 500 АКШ долларын, 1 миң евро ж.б.у.с. жөнөтүп жиберүү керектигин айтуулары мүмкүн. Компания үчүн аталган сумма анчалык деле чоң эмес болгондуктан бизнесмендер кандайча кылтакка илинип калышкандыгын байкабай калышат.

Чын-чынына келгенде эч кандай акча которулбагандыктан банк жардам бере албайт. Мындай шартта жергиликтүү компиялар же алардын өкүлдөрү которулган акчаны алууга көмөктөшүү өтүнүчү менен Улуттук Банкка кайрылуулары ыктымал. Албетте,  Улуттук Банк эч нерсе кыла албайт.

Мындай табыштамаларды караштыруу учурунда жалган инвесторлор тарабынан талапка жооп бербеген документтердин (башкача айтканда, жасалма) көчүрмөлөрү жөнөтүлгөндүгү аныкталат. Бул албетте акча которуу процесси менен логикасын татаалдаштырат. Натыйжада мындай «инвесторлордун» ак ниет жана чынчыл экендиги шек жарата баштайт.

Бул боюнча SWIFT популярдуу система эмне дейт?

Жалган инвесторлордун бул өңдүү схемаларында негизинен SWIFT системасынын айланасындагы терминология жана тематика учурай тургандыктан Улуттук Банк SWIFT компаниясы менен такай байланышта болот жана SWIFT системасындагы алдамчылык, ошондой эле маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча консультацияларды алып турат.

Бул боюнча SWIFT компаниясы Улуттук банкка маалымат берген жана анда соңку мезгилдерде банк керектөөчүлөрү менен банк кардарларына өздөрүн инвесторлор деп аташкан жана ири келишимдерди жана инвестицияларды убадалап жатышкандар кайрылуу жасап жатышкандыгы тууралуу айтылган.  

Ошол эле учурда жалган инвесторлор келишимди түзүүнүн милдеттүү шарты катары корпорациялар же банктар SWIFT Alliance Lite2 интерфейс  же SWIFT gpi кызматын пайдалануу керектигин белгилешет.

Мындай учурларга SWIFT тарабынан өткөрүлгөн анализдин жыйынтыгы боюнча алар корпорацияларга же SWIFT керектөөчүлөрдүн банктарына карата жасалуучу алдамчылык аракеттер катары квалификацияланышкан.

Муну билүү абзел:

«Керектөөчүдө  Alliance Lite2 же SWIFT gpi сервисинин жоктугу SWIFT аркылуу  кайсы бир транзакцияларды, ошону менен бирге инвестицияларды жүзөгө ашырууга жолтоо боло алышпайт»-деп эскертет Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы.

Эгерде потенциалдуу өнөктөштөр талап кылса мындай учурлар албетте шектүү катары квалификацияланышы зарыл. Кандай-андай болгон күндө да чоң өлчөмдөгү суммага кандайдыр бир контракттык келишимдерди түзүү улуттук мыйзамдардын жана эл аралык практиканын ченемдерине ылайык өнөктөштү, анын иштиктүү репутациясын, каржылык отчёттуулугун иликтеп чыгуу жол-жоболору менен коштолуусу зарыл.

Бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндөгү дээрлик бардык банктар (анын ичинде Кыргызстандагылар да) өз ара эсептешүүдө SWIFT чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр системасын пайдаланышат.  SWIFT маалыматтарды санкциясыз кирүүлөрдөн коргойт, берилип жаткан маалыматтардын толуктугуна кепилдик берет, ошондой эле 24/7 режиминде керектөөчүлөр үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн алгылыктуу болуусун камсыздайт.

Алдамчыларды кантип ажырата билүүгө болот?

Кайсы бир чет өлкөнүн ири банкынын SWIFT системасы боюнча акча которо албай жаткандыгынын өзү эле шектенүүлөрдү жаратуусу керек. Себеби, каржылык-насыялык мекемени системадан алып салуу аталган бактын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы көйгөйүнөн же банк ишмердүүлүгүнүн бузулушунан жана алдамчылыктан кабар бериши ыктымал.

Айрыкча, ири суммалар жөнүндө сөз болуп жатканда өнөктөштү тандоого өтө этият болуу зарыл. Эгерде белгисиз бир фонд, фирма же бизнесмен күндөрдүн биринде эле өлкө экономикасына миллион доллар же евро сала тургандыгын айтса анда мунун өзү шек жаратышы зарыл. Алдамчылардын кылтагына илинип калбаш үчүн потенциалдуу өнөктөштү өтө дыкат изилдеп чыгуу абзел.

Бул өңүттөн алганда Улуттук Банк өнөктөштү изилдөө жана тандоо процессине, айрыкча ири суммадагы «инвестициялар» жөнүндө келишимдерге, ошондой эле түзүлүп жаткан келишимдердин шарттарына өтө кунт коюп окуп чыгуу зарыл экендигин эскертет.

Дүйнө жүзүндөгү бардык банктар SWIFT системасын пайдаланышат, себеби аталган система максималдуу түрдө коопсуз жана катышуучуларынын бардыгын банктык маалыматтарды жогорку ылдамдыкта берүү мүмкүнчүлүгү менен камсыздайт. Эгерде сиз которулган акчаңызды банктан ала албай жаткан болсоңуз анда дооматты дал ошол потенциалдуу өнөктөшкө коюу зарыл.

- кыргыз банктары үчүн которулуп келген акчаны жөнү жок кармап отурунун эч кандай кажети жок. Тескерисинче, алар акчаны өз учурунда берип, андан комиссия алып калууга кызыктар;

- эгерде которуу жолунда кандайдыр бир көйгөйлөр жаралган болсо, анда бул көйгөйдү бир гана которуу жөнөткөн адам жана банк-жөнөтүүчү иликтейт. Кыргыз банкы жана Улуттук банк бул маселени чечүүгө эч кандай жардам бере алышпайт.

Булак: Тазабек

close