«Керемет Банк» ААКнын Башкармалыгынын Төрагасы Токтогул Рысбек: «Эмитенттер жана инвесторлор үчүн Кыргыз Фондулук Биржасы (КФБ) тарабынан ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөр тууралуу»
«Керемет Банк» ААКнын Башкармалыгынын Төрагасы Токтогул Рысбек эксклюзивдүү интервью берип, анда Кыргыз Фондулук Биржасы (КФБ) тарабынан ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөр жана жабдуулар тууралуу сөз козгоп, өз билими жана тажрыйбасы менен бөлүштү.
Өлкө экономикасы тажы вирусу стагнациясынан кийин ырааттуу нукта калыбына келе баштаган жана эркин турган капитал ээлеринде кайрадан – акча каражаттарын кайсыл жакка инвестициялоо керек деген тандоо пайда болду. Жеке инвесторлор арасында эң популярдууларынан болуп банктык аманаттар жана кыймылсыз мүлк саналат, бирок бул жерде, ал ыкмалар, инвестициялык портфелдин сапатын жакшыртуу үчүн фондулук рыноктун жабдуулары менен толукталышы мүмкүн экендигине белгилей кетүү абзел. "Керемет Банк" ААКнын Башкармалыгынын Төрагасы Токтогул Рысбек, фондулук рыноктун эң ири катышуучуларынын биринин аткаруу органынын жетекчиси катары, эмитенттер үчүн сыяктуу эле, инвесторлор үчүн дагы Кыргыз Фондулук Биржасы тарабынан ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берүү аркылуу өз тажрыйбасы менен бөлүштү.
- Фондулук рынокко чыгуу учурунда "Керемет Банк" ААКнын максаты кандай болгон? Кайсыл плюстары менен минустарын белгилеп кетмекчисиз?
- Биздин максат, банктын андан ары өнүгүүсү үчүн кошумча инвестицияларды тартуу болгон. Банктын ээлик кылуучуларынын катарын толуктоо, добуш берүү жана пайда (дивиденттерди) алуу укугун КФБ аркылуу потенциалдуу сатып алуучуларга сунуштоо менен акцияларды чыгарган. Менимче, ал дагы өзүнө көңүл бурдура алган оңтойлуу тенденция, демек, аны өркүндөтүү зарыл.
«Керемет Банк» ачык, коомдук компания катары фондулук рынокто өзүнүн орун алуусун артыкчылыктуу багыты катары эсептейт. Кыргыз Республикасынын Баалуу кагаздар рыногу тууралуу мыйзамдын талаптарын толук сактоо менен биз, иштеп турган жана потенциалдуу инвесторлордун ишеним деңгээлин жогорулатып келебиз. Ата-мекен фондулук рыногунун капиталдашуу деңгээли, экономикасы өнүккөн өлкөлөрдөн айырамаланганына карабастан, менчиктин акционердик формасы, ачктык менен отчет тапшыруучулукка умтулган ири компаниялар арасында популярдуулардын бири болуп саналат.
Артыкчылыктуу жактары катары төмөндөгүлөрдү белгилесе болот:
- Ачыктыкка жана Фондулук биржанын сайтында эмитеттин ишкердигин ачып берүүгө болгон талаптын жогорулугу;
- Төлөмдөргө кепилдик берүү жолу менен Фондулук рыноктордогу тооруктардын коопсуздугу;
- Күрөө, кепилдик берүү жана камсыз кылуунун башка түрлөрүн берүүсүз акционердик жана карыздык каржылоого жеткиликтүүлүк;
- Дивиденттерден, пайыздардан жана листингдин эң жогорку категориясы боюнча баалуу кагаздардын өсүш арымын киреше салыгы жана пайда салыгынан толук бошотуу жолу аркылуу инвесторлор (резидент жеке адамдар жана юридикалык жактар) үчүн салыктык преференциялар;
- Фондулук биржанын Листингдик комитетинин баалуу кагаздар листингине карата олуттуу талаптары;
- Эмитет тарабынан маалыматты ачып көрсөтүү аркылуу потенциалдуу кардарларды жана кызыкдар болгон жактарды тартуу;
- Листингдик жана биржалык тажрыйба.
- Плюс жактарын го атап кеттиңиз, минустары барбы?
- Минустары азыраак. Бирок, биздеги рынок азырынча локалдык болгондуктан, бул жакка олутту акча агымдарынын кирүүсүнө мүмкүндүк бербеген минустар, жеке инвесторлор үчүн кызыктуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратып келет. Эгерде инвестициялардын кирешелүүлүгү көз карашынан ала турган болсок, анда, табиятында акционердик капитал, анын ичинде айрым жергиликтүү компаниялардын дагы, кыйла ыңгайлуу шайман болуп саналат.
Белгилеп кеткендей, каржы сабаттуулугунун начардыгынан тышкары, минустары катары төмөнкүлөрдү атаса болот:
- Фондулук рыноктук ишкердигин активдештирүү үчүн институционалдык (мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор, сактык компаниялар, инвестициялык фонддор жана башкалар) инвесторлордун жана башка квалификациялуу инвесторлордун жоктугу;
- Фондулук рынокто сунушталып жаткан каржы шаймандарынын чектелген катмары;
- эл аралык жана аймактык интеграциялануунун төмөндүгү;
- баалуу кагаздарды эмиссиялагандыгы үчүн кесипкөй катышуучулардан алынган олуттуу комиссиондук төлөмдөр, алар дагы эмитеттин болжолдоп жаткан кирешелүүлүгүн төмөндөтөт.
- Сиз жетектеген банк фондулук рынокко эң биринчилерден болуп чыкты. Сиздин пикириңизде, эмне себептен коммерциялык банктар фондулук рынокто кыйла аз болуп жатат?
- Фондулук рыноктун көптөгөн потенциалдуу катышуучуларынын арасында ишенбөөчүлүк дагы да болсо орун алып келет деп болжолдой алам. Ошондой эле, каржы сабаттуулугун төмөндүгү, айрым учурларда маалыматтын жеткиликсиздиги деген болоор-болбос нерсе дагы өз таасирин тийгизип жатат. Кандай болбосун, коммерциялык банктар аз деп баса белгилей албайм, анткени баардык коммерциялык банктардын акцияларын биринчилик жайгаштыруу дал ошол фондулук рынокто ишке ашырылат. Мында маселе көбүнесе, экинчилик рынокко туура келет. Экинчилик рынок менчик ээсинин ээлик кылуу стратегиясына жана институционалдык, ошондой эле башка квалификациялуу инвесторлордун болуусуна көзкаранды болот. Бүгүнкү күнгө карата, айрым банктар мезгил-мезгили менен корпоративдик облигацияларын жайгаштырып келишет.
- Инвестицияларды тартуу үчүн фондулук рыноктун кайсыл каржы шаймандарын артыкчылыктуу деп эсептейсиз?
- Биз буга чейин корпоративдик облигациялар рыногунун жандануусу тууралуу сөз кылып кеттик, ошол абалдын өзү кубантат. Инвесторлордо салтуу болгон мөөнөттү банкттык аманаттар (депозиттер) менен корпоративдик облигациялар ортосундагы, ал эми эмитенттерде болсо, салттуу банктык насыялар менен облигациялардын эсебинен каржылоонун ортосунда тандоо пайда болууда. Корпоративдик облигациялар эмиссиясы, аманаттарга (депоизттерге) салыштырганда, коммерциялык банктар үчүн да пайдалуу, анткени корпоративдик облигациялар милдеттүү камдык талаптарды (МКТ) эсепке алууга кошулбайт жана аманаттардан (депозиттерден) айырмаланып, кардардын биринчи талабы боюнча кайтарып берүүгө жатпайт, андан улам, кыйла туруктуу жана болжолдоого боло турган каржы шайманы болуп саналат.
- Инвестор сыяктуу эле, эмитет катары дагы КФБга бере турган сиздин сунуштар?
- Фондулук рынок өзгөрүүдө: инвестициялоо тармагында массалык сегменттен кардарлардын жаңы түрү көп кездеше баштаган – банктын мурдакы аманатчыларынын катарынан, атайы билим жок жеке инвесторлор. Андай кардарларды рынок бөлүгүндө каржылык жактан түптөп жана ага түшүнүктүү болгон тилде окутуу абзел. Ал эми ири эл аралык инвесторлорду кызыктыруу үчүн инфраструктураны жакшыртуу, мыйзам базасын өркүндөтүү тармагында туруктуу иш алып баруу, коомдук компанияларды башкарууга алуунун сапатына болгон ыкманы өзгөртүү аркылуу, инвестициялоо үчүн объектердин ийкемдүүлүгү, жагымдуулугу деңгээлин мыктылоо зарыл.
Маанилүүсү:
- келечектеги жана иштеп турган эмитенттерге артыкчылыктарын атап берүү менен инвесторлор жана эмитенттер үчүн фондулук рыноктун пайдалуулугу принциптерин алдыга жылдыруу;
- фьючерстер, опциондор, өндүрүштүк жана гибриддик шаймандар сыяктуу жаңы каржы шаймандары менен пилоттук долбоорлорду уюштуруу;
- эл аралык тажрыйбаны ыңгайлаштыруу жана Сарбейнс-Оксли (Sarbanes-Oxley Act, SOX) мыйзамдарына жана ESG (Environment. Social and Governance, Экология, Социалдык жоопкерчилик жана сапаттуу корпоративдик башкаруу) принцибине шайкеш келген талаптарды киргизүү сыяктуу эле, Канададагы SEDAR жана АКШдагы EDGAR түрүндөгү корпоративдик отчеттуулуктун электрондук депозитарийин ишке ашыруу.