Жаңылыктар

«Керемет Банктын» насыя боюнча адистери агробизнестин каржы талдоосун изилдөө аркылуу өз көндүмдөрүн жогорулатышты

10 кулжа 2021

Бир нече күн мурун Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азиядагы банк тармагында 16 жылдык тажрыйбага ээ, агро насыялоо боюнча таанымал консультант Абдураимжанов Шавкат тарабынан "Керемет Банктын" бардык насыя боюнча адистер үчүн атайы адистештирилген тренинг өткөрүлдү. Ал агро насыялоонун тобокелдиктери менен жигерлерин талдоо жана баалоо боюнча укмуштуу болгон шайманды иштеп чыгуучулардын катарына кирет.

«Талдоо жүргүзүү технологиялары дээрлик окшош, айырмачылыгы бактынын спецификасында гана, - дейт, Абдураимжанов Шавкат. – Мисалга алсак, Азербайжанда  –  ал өсүмдүк өстүрүү, Кыргызстандын агрорыногунун 70 пайызы – бул малчарбачылыгы жана ал бизнестин келечектери менен жигерлери чоң».

«Агробинести каржылык талдоо» деген аталыштагы үч күндүк курс ошол мал-чарбачылыгын талдоо принциптерине негизденген. Албетте, өсүмдүк өстүрүү, куш (канаттуу) багуу, ошондой эле жигери өлкөдө болгону 20 пайызга пайдаланылып келген бал челек кармоону талдоону дагы көңүл сыртында калтырган эмес. Нукура кардарлардын айкын кейстердин үлгүсүндө  рентабелдүүлүктү аныктоо жана кэш-флоу түзүү маселелери кароого алынып, кайчылаш текшерүү принциптери изилденген,  азык-түлүк жана агро-теңдем жана башка көптөгөн маселелер боюнча тапшырмалар иштелип чыккан.

Өлкөбүздүн ар башка аймагынан Бишкектеги тренингке келген адистер, баалуу билим гана эмес өз ишине келечек көз карашында ой жүгүртө алышкандыгын, ошондой эле өзгөчө энергетиканы жана тренердин ар бир катышуучуга жекече мамиле кылып иш алып баргандыгын бир добуштан белгилеп кетишти.

Абдураимжанов Шавкат алган теориялык жана тажрыйбалык билимдерди ишкердик тапшырмаларды аткарууга дароо колдонсо болоорун баса белгилеп, “Кереметчилерге” окуу жүрүмүнө олуттуу мамиле жасагандыгы, тайм-менеджментти сактагандыгы жана командалык иш алып баргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди, ал дагы болсо насыя боюнча адистердин ийгиликке жетүүсү үчүн маанилүү сапаттар экендигин баса белгиледи. Демек, "Керемет Банктын" алдыда чоң мерчемдер гана эмес, келечектүү иштер күтүп турат!

close