Жаңылыктар

«Керемет Банк» аркылуу Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара эсептешүүлөр мурдагыдан да пайдалуу болуп калды

11 кулжа 2021

«Керемет Банк» ААКсынын корреспондент-банктарынын достук тармагынын катарын Өзбекстандын банк рыногунда ири катышуучу «Алокабанк» толуктады. Өз ишин 1994-жылдан бери улап келе жаткан «Алокабанк» АК Өзбекстандын мыкты комбанкттар рейтингинде үчүнчү орунду ээлеп келет.

Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү эки мамлекеттин стратегиялык өнөктөштүгүндөгү артыкчылыктуу багыт болгондугун эске алганда, Кыргызстан менен Өзбекстандын ири банктарынын ортосунда корреспонденттик мамилелердин орун алышы, бизнесмендерге эки тараптуу өз ара эсептешүүнү тез жана ыкчам жүрзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бермекчи.

Корреспонденттик эсеп АКШ долларында ачылган. "Керемет Банк" ААКнын корреспонденттик-банктарынын реквизиттери тууралуу кененирээк маалыматты банкка кайрылуу, сайттан жана (0312) 55 44 44 телефону арыклуу күнү-түнү мштеген колл-борборго чалып же (0557) 55 44 44 (W/A) жазуу аркылуу тактап алсаңыздар болот.

close