Жаңылыктар

Насыя керек, бирок күрөө жетпей жана кепилдик берүүчүнү табуу кыйын болуп жатабы? Анда эле «Керемет Банкты» көздөй бет алыңыз.

9 баш оона 2021

Оңдоп-түзөө иштерин тезинен аяктоо, майрамдык кечелерди уюштуруу, эмерек же тех-ника сатып алуу, окуу үчүн же чет өлкөгө чыгуу менен байланышкан чыгымдарды төлөө керек болуп, бирок каражат жетпей жатабы? «Керемет Банк» ААКсы ыкчам түрдө 100 000 сомго чейинки акча каражатын күрөөсүз жана кепилдиксиз берүү маселесин чечүүгө жардам берет. Бул үчүн болгону паспорт жана эмгек акы тууралуу маалымкат гана берүү зарыл.

Күрөөсүз насыяны банктын бардык бөлүмдөрүнөн тариздөөгө болот, бул үчүн алардын төмөнкүдөй артыкчылыктарына назарыңыздарды бура кеткибиз келет: карап чыгуу иштеринин ыкчам мөөнөтү, топтолуучу документтердин минималдуу өлчөмү, насыяны мөөнөтүнөн мурда жабуу мүмкүнчүлүгү ж.б.  Бул үчүн «Жашоонун ар кандай учурларына» өндүрүмү алкагындагы сунуштардан жана Visa Credit насыя картты пайдаланууга болот.

Банктын өндүрүмдөрү боюнча бардык суроолорду (0 312) 55 44 44, же (0 557) 55 44 44 (WhatsApp) телефон номурлары  аркылуу «Керемет Банк» ААКнын тейлөө түйүндөрүнө, күнү-түнү иш алып баруучу контакт-борборго жолдоого, ошондой эле социалдык тармактар жана банктын корпоративдик сайты аркылуу берүүгө болот.

«Керемет Банк» – ИЙГИЛИККЕ САПАРЛАШ

close