Жаңылыктар

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата, "Керемет Банк" менен Tazar компаниясынын биргелешкен акция башат алды

18 баш оона 2021

Биздин максат – калктын көңүлүн таштындыны бөлүп чогултууга буруу аркылуу сүйүктүү жана эгемен Кыргызстаныбызды таза сактоо. Tazar компаниясынын миссиясы банктын баалуулуктарына үндөш  – ал, өлкө экологиясына кам көрүү жана калктын экологиялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү

Биргелешкен демилгеден улам, таштандыны жоопкерчиликтүү сортоого алып келишкен  шаар жашоочулары жыйналган пластик, металл, айнек жана кагазды Tazar компаниясына кайрадан иштетүүгө өткөрүп берип гана тим болбостон, "Керемет Банктын" жардамы менен андан пайда алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Акцияга катышуу үчүн Tazar App мобилдик тиркемесинен көчүрүп, аны орнотуу жетиштүү болот, анда өткөрүлүп берилген кайра иштетилүүчү чийки зат үчүн упайлар топтолот: таштандынын бир киллограммы 1 упайга барабар.

Tazar тиркемесинде топтолгон 50 упай анын ээсине "Керемет Банкта" капитализациялоосуз, пайыздарын ай сайын  чегерүү аркылуу 12 айга 5000 сом суммасына “Топтоочу” аманатын ачуу үчүн сертификатка ээлик кылуу мүмкүнчулүгүн берет

Кааласа ачылган аманатты толуктап турууга, ал эми бир айдан кийин топтолгон жана автоматтык Visa акысыз катына которулган пайыздарды дароо пайдаланууга болот. Аманаттын аракеттенүү мөөнөтү аяктагандан кийин  аманатчыда аманатты узартуу же топтолгон сумманы алып кетүүнү тандай алгандыгы да ыңгайлуу.

Биргелешкен демилгенин  алкагында, топтоочу аманаттарды ачуу үчүн 5 сертификат берилет, 1 колдонуучу 1 сертификатка ээ боло алат

Катышуучуларга коюулуучу негизги талаптартар:

  • Tazar тиркемесинде 50 же андан ашык упай топтогон биринчи беш адамдын катарында болуу
  • Сертификатты упайга алмаштыруу учурунда, аманатчынын  18 жашка толушу  
  • Банктын ички эрежелерине шайкеш келүү

Упайларды сертификаттарга алмаштыруу үчүн жумуш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары,  Тоголок Молдо көчөсү, 40/4 дарегине паспортуңуз менен келишңиз авбзел

Акция тууралуу кененирээк (0312) 55 44 44 номери аркылуу күнү-түнү иштеген контакт-борборго чалып же (0557) 55 44 44 (W/A) номерине жазуу менен тактап алсаңыздар болот.

close