Жаңылыктар

«Керемет Банк» Кыргызстандын бардык банктарынын карткармоочуларын сак болууга чакырат

3 бирдин айы 2022

Соңку мезгилдерде дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө алдамчылар жандана баштагандыгын байкоого болот, өз кезегинде алар алдамчылык жолу аркылуу эл аралык төлөм системаларындагы төлөм карттары менен бирге эле улуттук «Элкарттан» дагы каражат чыгарууга аракет жасап келе жатышат. Маселен, Кыргызстанда мындай алдамчылар акча уурдоонун туруктуу схемасын түзүп чыгышкан жана ал аркылуу, айрыкча Интернетте отуруп Lalafo назар тактасынын жардамы менен товар алып-сатуу менен иш алып барып жаткандардан акча уурдап келишкен.

Алдамчылар товарлары үчүн акча чегерүү ниетин билдирүү менен сатуучулардан карттарынын номурларын айтып коюуну өтүнүшөт. Мына ушундан соң алар товардын ээсине кайрадан  байланышка чыгып, кандайдыр бир бөгөттөлгөн сумма чыгып жаткандыгын, ал эмне болгон сумма экендигин тактап коюуну айтышат да, алынган маалымат боюнча карттагы акчаны чыгарып кетишет.

Банк кардарларга төмөнкүлөрдү ТАПТАКЫР жасоого жол бербөө керектигин эскертет:

  • өздүк карт жөнүндөгү жашыруун маалыматты үчүнчү жактарга берүүгө, ошону менен бирге аны сүрөткө тартып жиберүүгө (номур, карт-эсеп, CVV, PIN-код, картанын жарактуу мөөнөтү);
  • банктын кызматкери экендигин, карт эсебиңиз боюнча кандайдыр бир операцияларды жасап алуу керек болуп жаткан айтып телефон чалгандардын өтүнүчү менен кандайдыр бир операцияларды өткөрүүгө;
  • соцтармактардагы жана чаттардагы бейтааныш адамдардар электрондук почта, мессенжердеги билдирүүлөр аркылуу жөнөтүлгөн шилтемелерге өтүүгө, жеке жана карттык маалыматтарды бөлөк адамдарга берүүгө.

Эгерде каражат чегерүү тууралуу шектүү сунуш келип түшсө жана өз картыңыздагы жеке маалыматтарды айтып коюуңузду өтүнүп жатышса, текшерип берүүлөрүн өтүнүп картты даярдаган банктын расмий өкүлдөрүнө кайрылыңыз.

Кандайдыр бир түшүнүксүз суроолор жаралган учурларда (0 312) 55 44 44 телефон номуру же (0 557) 55 44 44 – WhatsApp же call-center@kermetbank.kg. электрондук дареги, ошондой эле кайтарым байланыш аркылуу «Керемет Банктын» контакт-борборуна кайрылсаңыздар болот.

close