Жаңылыктар

«Аманат Кредит» МКК үчүн «Керемет Банк» эксклюзивдүү UPI International кобренддик картын чыгарды

22 аяк оона 2021

«Керемет Банк» менен болгон кызматташтыктын натыйжасында «Аманат Кредит» микрокредттик компаниясы насыяны UPI International кобренддик картына чегерүү жолу аркылуу  өз кардарларын накталай эмес ыкмада каржылай баштады.

Биргелешкен долбоордун ийгиликтүү ишке ашырыла баштагандыгына байланыштуу «Керемет Банк» ААК Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Алыбаев Нарынбек Алыбаевич менен  «Аманат Кредит» МККнын аткаруучу директору Өмүрзакова Гульзара Макешовнанын ортосунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.


«Керемет Банк» менен биргелешкен долбоорду биз кардарларыбызды тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн ишке киргиздик. Буга чейин биздин кардарлар насыяларды банк-өнөктөштөрдүн кассалары аркылуу алып келишкендиктен ал банктардын иш ыраатына көз каранды болушуп, узак кезектерде туруп келишкен. Бүгүн кобренддик  карттын ишке кириши менен аталган көйгөйлөр автоматтык түрдө чечилди» - дейт «Аманат Кредит» МККнын аткаруучу директору Гульзара Өмүрззакова.

Долбоордун жүзөгө ашырылышынын натыйжасында бүгүн «Керемет Банк» ААКнын болжол менен 300 банкоматы жана 35 тейлөө түйүнү  «Аманат Кредит» ММК кардарларына кызмат көрсөтүшүүдө. Кобренддик карттын ээлери күндүн  өздөрүнө ылайык деп эсептеген  мезгилинде алган каражаттарын накталай акчага айландырып, карттарды толуктай алышат, товар жана кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле экинчи ирет насыя алуу үчүн колдоно алышат.

Жолугушуу учурунда эки финансы уюмунун жетекчилиги тарабынан эки тараптуу кызматташуунун негизинде ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөр, долбоорду өркүндөтүүнүн келечектеги перспективалары, тагыраак айтканда эсептик-кассалык тейлөө жана заманбап санариптик чечимдерди пайдалануу, ошондой эле «Керемет Банк» ААКнын интернет-банкингинин чексиз мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баарлашышты.

«Керемет Банк» ААКнын эшиги жаңы идеялар үчүн ар дайым ачык!

Жаралган суроолорго жооп алуу төмөнкү телефондор аркылуу  «Керемет Банктын» күнү-түнү иштөөчү контакт-борборуна кайрылыңыздар: (0 312) 55 44 44 же (0 557) 55 44 44 - WhatsApp, ошондой эле кайтарым байланыш формасы же call-center@kermetbank.kg. электрондук дареги аркылуу дагы байланышка чыгууга болот.

«Керемет Банк» - ийгиликке сапарлаш!


close